Араван: Депутаттардын көчмө жыйынынан айрым тургундар эмнеге чыгып кетти?

Жогорку Кеңештин элдик тобу 13-майда Ош облусунун Араван районунда көчмө жыйын өткөрүп, социалдык-экономикалык маселелерди талкуулады. Жыйын учурунда айрым тургундар депутаттардын сөзүн укпай, чогулуштан нааразы болуп чыгып кетишти.

Эмне болду?

Жыйынга депутаттар Өмүрбек Бакиров, Жалолиддин Нурбаев, Арсланбек Малиев, Чыңгыз Ажибаев, Айбек Осмонов, Аманкан Кенжебаев, Акбөкөн Таштанбеков жана Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов катышкан.

«Тез Кабар» каналы жүктөгөн видеодон, Жаныкулов трибунага чыгып Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү «мыйзамсыз берилип кеткен» жер боюнча сүйлөгөнүн көрүүгө болот. Облус башчынын орун басары аталган жерлер азыркы депутат Жалолидин Нурбаев айыл өкмөт болуп турганда берилип кеткенин айтып келет.

«Мына депутаттын [Жалолиддин Нурбаевдин] ар-намысын тебеледи, шек келтирди деп атат. Депутаттын ар намысына шек келтирилгени мени кызыктырбайт. Мага 1,5 миллион Ош облусундагы калктын намысы өйдө турат. Бир депутаттын намысына караганда элдин намысы өйдө турат. Мен элдин намысын коргоп чыгып жатам», — деген облус башчысынын орун басары.

Жаныкулов сүйлөп жатканда жыйынга төрагалык кылган депутат Өмүрбек Бакиров аны токтотуп койгон. Бакиров «ким ак, ким кара экенин укук коргоо органдары аныктайт» деп айткан.

Жаныкуловго сөз берилбеген соң залдагы эл нааразы болуп кыйкырып, башкаларды укпайбыз деп залдан чыгып кете баштаган. Алар Жаныкуловду да кошо алып чыгып кетишкен.

Араван районунун акими Сейтек Дөөлөтбеков «Клоопко» бул боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, тургундар депутаттар менен негизги маселени талкуулаган соң, күн тартибинен тышкары суроолорду узата баштаган. Ал эми чогулушка төрагалык кылган эл өкүлү Өмүрбек Бакиров тургандарды белгиленген маселеден чыкпоого өтүнгөн.

«Жердин мыйзамсыз берилип кетиши боюнча маселе айтылган соң, суроолорду беребиз дегендер болду. Эки-үч кишинин суроосун уккан соң элдик топтун жетекчиси күн тартибиндеги маселеден чыкпайбыз деген талап койду. Ошондо катышуучулар чыгып кетти», — деди ал.

Жаныкуловдун рейди, депутаттардын нааразычылыгы

Жаныкулов, Нурбаев, Түмөнбаев жана Бакиров.

Президентти Оштогу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов 21-апрелде атайын түзүлгөн райондук комиссия менен биргеликте Алля Анаров айыл өкмөтүнө рейд менен барган. Анын айтымында, буга жергиликтүүлөрдүн мыйзамсыз берилген жерлер боюнча текшерип берүүнү суранганы себеп болгон.

Рейд учурунда тартылган видеолор 300 миңден ашуун катталуучусу бар Tez Kabar YouTube каналына жүктөлүп, жүз миңден ашык киши көргөн. Ал эми 25-апрель күнү каналга «Рейддин жыйынтыгы, Нурбаевдер ээлеген айыл өкмөт» деген аталышта видео жүктөлгөн.

Анда Жаныкулов өзү рейд учурунда аныкталган фактылар боюнча түшүндүрмө берген. Аткаминердин Жалолидин Нурбаев аркылуу келген инвесторлорго Араван районундагы бир нече айыл өкмөттөн жалпысынан 1000 гектар жер «мыйзамсыз» ижарага берилген деп билдирген. Ошондой эле айыл өкмөттү «Нурбаевдин үй-бүлөлүк кланы башкарып жатат» деп айткан.

Видеолор тараган соң, Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында, депутаттар Акылбек Түмөнбаев жана Өмүрбек Бакиров Жаныкуловго чара көрүүнү талап кылышкан. Алар Жаныкулов депутат Жалолидин Нурбаевди «каралады» деп айыпташкан.

Анда Жаныкулов «депутаттар иштин чоо-жайын билбей туруп, кесиптешин коргоп чыкканына түшүнбөгөнүн» айткан. Ал рейд учурунда бардык фактылар топтолгонун, жакын арада президент баш болгон тиешелүү органдарга жиберилерин билдирген.

Редактору: Айбике Адилет кызы

Тема боюнча:

Президенттин тапшырмасы, «Youtube жылдызы», Нурбаевдер кланы. Эмне болуп жатат?