Суусамыр дарыясына агып кеткен жергиликтүү кеңештин депутатынын сөөгү табылды

Чүй облусунун Панфилов районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты Бакир Исаковдун сөөгү Суусамыр дарыясынан табылды. Ал беш күн мурда куткаруучулардын көз алдында сууга агып кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар минсистрлигин маалыматына ылайык, куткаруучулар маркумдун сөөгүн Бишкек — Ош унаа жолунун 160-165 чакырымында таап, туугандарына өткөрүп беришти.

Министрликтин басма сөз кызматы дарыяга агып кеткен депутатты издөө иштерине жалпы 40ка чукул куткаруучу тартылганын кошумчалады.

Бакир Исаков 11-май күнү Суусамыр дарыясындагы аралчада калган жылкысын чыгаруу үчүн ӨКМдин ыкчам кызматына кайрылган. Ал куткаруучу менен бирге кайыкка түшүп, кайык шар аккан суунун агымына туруштук бере албай оодарылып кеткен.

«Жаранды куткарууга куткаруучулар аракет кылышкан, тилекке каршы суунун агымы өтө күчтүү болгондуктан куткаруучу жээкке сүзүп чыгууга аргасыз болгон, ал эми Исаков дарыядан сүзүп чыга албай калган», — деп айтылган билдирүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматынан куткаруучулар маркумга «суунун деңгээли жогору болгондуктан, түшүү кооптуу экенин бир нече жолу эскертишкен» деп түшүндүрүштү. Бирок ошого карабай ал атты куткаруу үчүн кайыкка түшкөнүн белгилешти.

Тема боюнча:

«Ичим өрттөнүп турат». Таласта дарыяга агып кеткен наристе бир аптадан бери табыла элек