Таласта жол кырсыгынан бир адам каза болуп, беш киши жабыркады

Талас облусунун Кара-Буура районунун Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун 163-чакырымындагы жол кырсыгынан бир адам каза болуп, беш киши жабыркады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун четиндеги даракты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы киши ошол жерде каза тапкан.

Жерине барган ӨКМдин төрт куткаруучусу жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

Үстүбүздөгү жылдын 11-майда Бишкек — Ош унаа жолунда авто кырсыктан үч адам каза болгон. Алардын экөөсү 5 жана 6 жаштагы жаш балдар.

Маалыматка ылайык, «ДЭУ Матиз» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай каршы тилкеде келе жаткан «Тойота Ленд Крузер-200» унаасы менен кагышкан. Кырсыктан «ДЭУ Матиздин» айдоочусу жана анын уулу менен кызы каза таап, 30 жаштагы жубайы ооруканага жеткирилген.

ИИМдин маалыматына ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 6-60-чакырым бөлүгүндө үстүбүздөгү жылдын төрт айында 74 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 12 адам кайтыш болгон. Кырсыктын кесепетинен 96 адам ар кандай жаракат алган. Аны менен катар, ИИМден түн ичинде жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар көп катталып жатканын, буга көчөлөрдөгү жасалма жарыктандыруунун жоктугу дагы себепкер экенин белгилешкен.