Темировду колдоо митинги: Активисттердин бири аңдууга кабылганын айтып чыкты

Иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо акциясына катышкан активист Атай Бейшенбековдун артынан аңдуу жүрүп жатат. Бул тууралуу ал 24-январда Фейсбук барагында жазды.

Бейшенбеков 23-январда нааразычылык акциясынан кийин үйүнө кайтып келе жатканда артынан бирөөлөр чуркап келе жатканын байкаган. Анын айтымында, үйүнүн подъездине жетип, эшикти жаба койгонго үлгүргөн. Аңдып келе жаткандар подъездге кире албай калган.

«Эмне кылгысы келген, кандай мааниде артыман келип эшик жулгулады түшүнүксүз. Үйгө кирип келе жатканда аркамдан шашып чуркап келе жаткандарын угуп, тез басып кирип кеттим эле. Эшикти жулкулдатып жетишпей калгандарын талкуулай башташканда лифт чакырып кетип калгам. Бүгүн видео байкоодон карасам бул жигиттер экен. УЯТ! Эмне мыйзамсыз иштерди кылып жатабыз, тескерисинче туура талап коюп жатабыз, силер катаңарды моюнга алып оңдобойсуңарбы!» — деп жазды активист.

Активисттердин сабалышы

Буга чейин да төкмө акын Болот Назаров жана журналист Болот Темировду коргоо акциясына катышкан активисттер аңдууга кабылган эле.

24-январда мурдагы башкы-прокурор Аида Салянова кармалгандарды колдоо митингинен кийин эки активистти, Нургазы Шайлообек жана Айбек Назаркулов аттуу жарандарды милиция кармап кеткенин билдирген. Ал милиционерлер активисттерди сабап, кийин милиция бөлүмүнө алып барышканын кабарлаган.

Активисттердин бири Фейсбук барагында белгисиз баланы сабады деп айыптап кармап кетишкенин жазган. Мындан тышкары, активист милиция андан акча доолашканын да билдирген.

Ленин РИИБнин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына Шайлообеков менен Наразкулов Т.С. аттуу кишинин арызынын негизинде кармалганын билдиришти.

Жыйынтыгында алардын баары Ленин РИИБге жеткирилип, ал эми кармоо маалыматтар каттоо журналына киргизилген. Бирок милиция бөлүмүнө жеткирилгенде Шайлообеков менен Назаркуловдун үстүнөн даттанган киши арыз жазуудан жана медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Милиция эки тараптан тең түшүндүрмө кат алып, аларды бошоткон. Милиция активисттердин сабалып, алардан акча талап кылынганын четке кагууда.

Төкмө акын жана журналисттик кармалышы

Төкмө акын Болот Назаровду 22-январда Бишкекте жанынан полиэтилен баштыктагы гашиш табылганын билдирген.

Назаров кармалгандан кийин Бишкекте ШИИБдин имаратынын алдында митинг өтүп, ал жерге Назаровду колдогон акындар да келип, милициянын «чектен чыгуусу» тууралуу төгүп ырдашкан. Кийин Назаров эч жакка кетпөө тил катынын негизинде бошотулган.

Акындар 22-январда өз кеңсесинен кармалган иликтөөчү журналист Болот Темировду да колдоп ырдашкан. Анда журналисттер менен активисттер күч кызматкерлери Темировдун кеңсесине кирип, эркектердин баарын жерге жаткырышканын билдиришкен. Андан соң күч кызматкерлери Темировдуку деп чөнтөгүнөн баңгизат алып чыгышкан.

Темиров өзү ага «атайын баңгизат салып коюшканын» жана компьютерлерин алып кетишкенин айтып кыйкырган. 23-январда журналист эч кайда кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарылган.

Экөө тең УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышы бар компаниялар тууралуу иликтөө чыккандан кийин кармалган.

Тема боюнча: Укук коргоочулар парламенттен Темиров менен Назаровдун окуясын көзөмөлгө алууну суранды