Өгөй атасы зордуктаганы айтылган 14 жаштагы кыз убактылуу таежеси менен жашай турган болду

Өгөй атасынын зордугуна кабылганы айтылган 14 жаштагы кыз таежесиникине жеткирилди. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин үй-бүлөлөрдү колдоо башкармалыгынын башчысы Бакыт Төрөгелдиев билдирди.

Анын айтымында, учурда кыздын окуу маселеси чечилип жатат. Төрөгелдиев кыздын таежесинин жашоо шарты жакшы экенин дагы кошумчалады.

«Жабырлануучу кичинекейинен эле таежесинин колунда тарбияланыптыр, ага көбүрөк ишенет экен. Милицияга арызды дал ошол таежеси жазган, жабырлануучу эжесине баарын айтып берген экен», — деди башкармалыктын жетекчиси.

Төрөгелдиев учурда жабырлануучу кыз менен психологдор жана асырап алуу органдарынын кызматкерлери иштеп жатканын маалымдады. Анын айтымында, медицина жана сот кызматкерлеринин чечиминен кийин кыз таежеси менен калса болот.

«Эгерде кыз таежеси менен жашагысы келсе, анда бул маселе иштелип чыгат. Жабырлануучунун тандоо укугу бар», — деп түшүндүрдү Бакыт Төрөгелдиев.

Милиция 16-майда 14-жаштагы өгөй кызын зордуктоого шектеп 35-жаштагы кишини кармаган.

Облустук ИИБдин маалыматына ылайык, сурак учурунда шектүү күнөөсүн мойнуна алган. Ал Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Факт кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Зордуктоо» беренеси менен катталган.

Кыздын зордукталганы тууралуу 6-майда кыздын тууганы билдирген. Ал жашы жете элек бир тууган жээнин өгөй атасы көп жылдан бери зордуктап жүргөнүн айткан.

«Арыз ээси түшүндүрмө берип, өспүрүм кыздын 36 жаштагы Б.А. аттуу апасы өз кызын май айындагы эс алуу күндөрү таштап кеткендигин айткан. Ал кыздын жүрүм-турумунан байкап, сурамжылоого алган учурунда көп жылдар бою өгөй атасы тарабынан зордуктоого алынып жүргөнүн түшүндүргөн», — деп билдиришкен мекемеден.

Тема боюнча окуңуз: Сокулук: Сот 16 жаштагы айылдашын зордуктоого айыпталган кишини 18 жылга кести

Сокулукта 13 жаштагы өгөй кызын зордуктоого айыпталган киши 18 жылга кесилди

Январь айында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2021-жылы 417 бала зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Анын ичинен 118и бала сексуалдык зомбулукка туш болгон.

Сиз же сиздин жакындарыңыз зордук-зомбулукка кабыл болгон учурда кайрыла турган кризистик борборлордун даректери жана телефон номурлары:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.