Сокулукта 13 жаштагы өгөй кызын зордуктоого айыпталган киши 18 жылга кесилди

Иллюстративдик сүрөт

Чүй облусунун Сокулук райондук соту 13 жаштагы өгөй кызын зордуктоого айыпталган 40 жаштагы кишини 1-мартта 18 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айыпталуучу «Жаш кызды зордуктоо» беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү абагында өткөрөт.

Жашы жете элек өгөй кызын зордуктоого шектелген Сокулук районун тургуну 2021-жылдын май айында кармалган. Милицияга кыздын апасы арыз жазып, күйөөсүнө карата чара көрүүнү талап кылган.

«Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен кылмыш ишин козголуп, шектүүнү убактылуу кармоочу жайга киргизген.

21-февралда Бишкектин Биринчи май РИИБи жашы жете элек кызды «зордуктоого» шектеп 19 жаштагы кишини кармап, эки айга камакка алган.

Кийинчерээк жабырлануучунун ата-энеси алардын кызын «үч милиция кызматкери да сексуалдык катнашка мажбурлап, жарым жылдан бери зордуктап жүргөн» деп айтып беришкен. Бул билдирүү боюнча Бишкек ШИИББи ички иликтөө жүргүзө баштаган.

Ал эми 22-февралда тергөө учурунда чогултулган бардык материалдар Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлүп, «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Көп өтпөй бул кылмышка тиешеси бар делген Свердлов РИИБдин аймактык тескөөчүсү жана Ленин РИИБдин инспектору кармалган.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2021-жылы 417 жаш бала зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Жусупбекова жабырлануучулардын 118и сексуалдык зомбулукка туш болгонун тактаган.

Тема боюнча:

«13 жаштагы кызды зордуктоо иши». Дагы бир милиция кызматкери кармалды

Сокулук: 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип 31 жаштагы киши кармалды

Кара-Сууда 6 жашар кызды зордуктаган киши өмүр бою эркинен ажыратылды