«Милициялар дагы жоопко тартылсын!» Айзаданын апасы өлкө жетекчилигине кайрылды

Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова президент Садыр Жапаровго, башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМКнын башчыс Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Ал Айзада уурдалып киши колдуу болгон күндөн тартып бир жылдан ашканын, бирок бүгүнкү күнгө чейин кызын издөөдө шалаакылыкка жол берип, «ал күйөөгө тийип эле, ала качып кетиптир, эч нерсе болбойт» деп кенебестик кылган милиционерлер жоопкерчиликке тартыла электигин белгиледи.

«Айзаданын өлгөнүнө бир жыл болду, эненин көзүнөн жаш канча агып жатат? Канча жүрөгүм ооруп жатат? Эч кимиңер сезген жоксуңар! Мен да суранам, милиция күнөөсүн [мойнуна] алсын, мыйзам алдында жооп берсин.

Кеч боло электе эртерээк кыймылдагыла. Канчага чейин мен күтүп турам? Бир жыл 3 айдан ашып кетти, дагы канча күтөм?

Садыр Жапаров да “көзөмөлгө алам” деп айткан. Көзөмөлгө алгандан кийин аягына чейин чыккыла, аткаргыла, жөн отурбагыла!» — деп кайрылды Айзаданын апасы бийликке.

Дагы окуңуз: Президенттик администрация: Айзаданы издөөдөгү милициянын шалаакылыгын УКМК иликтеп жатат