Президенттик администрация: Айзаданы издөөдөгү милициянын шалаакылыгын УКМК иликтеп жатат

Айзада Канатбекованы уурдоого байланыштуу иш боюнча милиция кызматкерлеринин шалаакылыгын УКМК иликтеп жатат. Бул тууралуу «Клооптун» журналистине Президенттин администрациясынан билдиришти.

Алардын маалыматына ылайык, иш УКМКнын шаардык бөлүмүндө иликтөө баскычында турат.

«Кылмыш ишин иликтөөдө көзөмөл органы тарабынан иштин жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү изилдөөгө багытталган кат түрүндөгү көрсөтмөлөр берилген», — дешти Президенттик администрациядан.

Айзада Канатбекова 2021-жылдын 5-апрелинде таңкы саат 5те уурдалган. Эки күндөн кийин кыздын сөөгү табылга. Бул факты боюнча бир нече сотко чейинки териштирүү иштери башталган, алардын катарында борбордун Биринчи май РИИБдин кызматкерлеринин кызды издөөдөгү шалаакылыгы боюнча иш да бар, бул кыздын өлүмүнө алып келген.

2022-жылдын февралында иш арадан бир жыл өткөнүнө карабай сотко өтө элеги белгилүү болгон. Анда адвокат Нурбек Токтакунов бир нече жолу милиция кызматкерлерине карата иш токтотулуп турганын айткан. Ал эми прокуратура ишти иликтөөнү УКМК улантып жатканын билдирген.

Апрелде башкы прокурор Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында милиционерлердин Айзада Канатбекованы издөөдөгү шаалакылыгына байланыштуу кылмыш ишин иликтөө токтотулуп турганын, бирок кыскартылган жок деп айткан.

Ошол кезде жабырлануучу тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов милиционердердин шалаакылыгына байланыштуу ишти «жабылган» деп эсептейт. Анын айтымында, адатта мындай иштерди кылмышкерлерди таппай коюшканда токтотуп коюшат.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү

Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Арадан эки күн өткөн соң, Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап калып, ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган.

Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.

Эки күндөн кийин милиция киши колдуу болгон кызды уурдоого катышууга айыпталгандарды кармаган. Кийин сот аларды «Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу менен адам уурдоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Айзада Канатбекованын киши колдуу болушуна байланыштуу кылмыш иши аны уурдап, андан соң өлтүргөн Замирбек Теңизбаевдин көз жумганына байланыштуу токтотулган. Теңизбаев өз жанын кыйган.