200дөй кыргызстандык Германияда иштей алат. Эмгек министрлиги макулдашууга кол койду

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу боюнча Германиянын Eduviso программасы менен келишимге кол койду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматына ылайык, макулдашуу 200гө жакын кыргызстандыкты Германияга жумушка мыйзамдуу орноштурууга мүмкүндүк берет.

«Келишимге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков менен “EDUVISO” программанын жетекчиси ортосунда кол коюлду», — деп билдиришти министрликтен.

Программа аркылуу кыргызстандыктар медайымдык иш адистиги боюнча Eduviso программасы боюнча аккредитациядан өткөн Кыргызстандагы окуу жайларда билим алып, андан ары Германияда ишке орношо алышат.

11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле 35 жашка чейинки бардык каалоочулар бул программага катышуу үчүн кайрылып, маектешүүдөн өтө алышат.

Буга чейин Кыргызстандын өкмөтү Улуу Британия менен ушундай эле келишимге кол койгон. Кыргызстандыктарга бул программа аркылуу аталган өлкөдө айыл-чарба тармагындагы сезондук жумуштарга иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Келишимге Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен британиялык Agri HR компаниясы кол койгон.

Мындан тышкары, Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун колдоосу менен кыргызстандыктар Түштүк Корея дагы жумушка орношо алышат. 2022-жылдын башында бул өлкөгө иштеп келүү үчүн 300гө жакын адам кеткен.

Жарандарды жумушка орноштуруу борборунун маалыматына ылайык, чет өлкөдө иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын расмий саны 1 миллион 118 миң кишини түзөт. Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет — 1 миллиондон ашуун жаран. Экинчи орунда Казакстан — 30 миң, үчүнкү орунда Түркия турат — 20 миң киши.