«234 млн». Прокуратура Ош аэропортундагы окуяны иликтеп баштады

Ош эл аралык аэропорту.

Транспорттук прокуратура Ош эл аралык аэропортундагы окуяны иликтеп баштады. Бул тууралуу «Клоопко» 19-майда аба майдандын жетекчиси Арипжан Токуров билдирди.

Анын айтымында, атайын комиссия имараттын шыбы эмне себептен урап түшкөнүн, анын долбоорго шайкештигин жана кандай шартта кабыл алынганын иликтейт. Ошондой эле имаратын кайсы бөлүгүн кайрадан алмаштыруу керек экенин тактайт.

Токуров Ош эл аралык аэрортунун күтүү залы бир нече этап менен реконструкцияланганын белгиледи.

Ага ылайык, аба майдандын батыш тарабындагы ички каттамдар менен учуп келгендерди кабыл алуу залын 2012-жылы «Аль-Манар» компаниясы 78 млн сомго курган.

2015-жылы бул жайды кеңейтүү үчүн тендер өтүп, аны «АвантРемСтрой» жана «Ак Бата» компаниялары уткан. Алар эски залды толугу менен бузуп, анын ордуна 70 млн сомго жаңы имарат курган.

2017-жылы аба майдандын күтүү залын кайрадан «Элит-Строй-Сити» оңдоп-түзөөдөн өткөргөн.

Курулуш иштери башталган 2012-жылдан тартып 2018-жылга чейин жалпы 234 млн сом сарпталган. Кечээ, 18-майда, катуу жааган жамгырдан улам аталган аэропорттун күтүү залынын шыбы урап түшкөн. Ошондой эле айланасын суу каптаган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

Ош эл аралык аэропортунун шыбы урап түшкөн күтүү залы 2018-жылдын февраль айында пайдаланууга берилген. Жаңы объекттин жалпы аянты 2 миң чарчы метрди түзөт.

Оштогу аэропорт 1974-жылдан тарта иштей баштаган. Ал чоңдугу жана жүргүнчүлөрдүн агымы боюнча Кыргызстанда экинчи орунда турат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Видео: Жамгырдан улам Ош аэропортунун күтүү залынын шыбы урап түштү