Чек арада фуралардан мыйзамсыз акча жыйноого шектелип «Транс Эксперттин» жетекчилери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 17-майда «Транс Эксперт» ЖЧКнын жетекчилерин кармады.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, алар 2021-жылдын апрелинен октябрь айына чейин «Торугарт» өткөрмө пункту аркылуу Кытайдан товар ташыган оор жүк унаалардын айдоочуларын мыйзамсыз түрдө акча жыйнашкан.

«Компаниянын жетекчилери материалдык пайда алуу максатында ар бир айдоочунун ар бир каттамы үчүн 50 доллардан чогултуп турган, эгер андай кылбаса жүксүз жана жумушсуз калышарын айтып коркутушкан. Кармалган адамдар оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына шарт түзүп берүү шылтоосу менен жалпысынан 150 миң АКШ доллар акча каражатын алышкан», — деп билдиришти атайын кызматтан.