Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов акыркы сапарга узатылды

21-майда Улуттук телерадиоберүү корпорациясында атактуу диктор, кыргыз Эл артисти Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо, УТРКнын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев, кесиптештери, саналаш достору жана жакындары катышты.

Алар Бактыбек Мамытовду «өмүрүнүн акырына чейин иштеген кесипкөй инсан» катары эскеришти.

КТРК жетекчисинин милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учураганын билгиледи.

«Бүгүн кыргыз журналистикасы үчүн, кыргыз телерадио тармагы үчүн оор жоготуу болду. Бактыбек Мамытов эл көзүнө аттын кашкасындай таанылып, элдик инсан болуп калган. Ал ушул студиянын көркүн ачып турар эле [...]», — деп билдирди Иманалиев.

Бактыбек Мамытовдун сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду. Ал 20-майда 72 жашында узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

Мамытов Эл артисти наамынын жана «Даңк» медалынын ээси. Алып баруучу Гүлшан Молдоева менен чогуу алып барган «Арноо концерти» берүүсү элдин сүймөнчүлүгүнө айланган.

Мамытов Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында 1950-жылы 3-мартта туулган. Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган. 1975-жылдан тартып УТРКда эмгектенген.