Ош шаарында «Алыш бел боо» күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө

21-23-май күндөрү Ош шаарында «Алыш бел боо» күрөшү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдешке дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн, анын ичинде Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Жапония жана Кыргызстандан 300гө жакын спортчу катышууда.

Спорттук иш-чаранын ачылыш аземи Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо болуп өттү. Мекеме, спортчулар 20дан ашык салмак категориясында күч сынашып жатканын кошумчалады. Аталган чемпионатта 24 комплект медаль ойнотулат.

Ошондой эле «Азия чемпионаты “Алыш бел боо” күрөшүн жайылтуу, спортту жана сергек жашоо образын колдоо максатында өткөрүлүүдө» деп айтылат мэриянын маалыматында.

Бул чемпионатта IV дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы жүрөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ушул жылдын сентябрь айында Түркияда өткөрүлөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — бул Кыргызстандын ири долбоору. Буга чейин көчмөндөр оюндары 2014-2018-жылдар аралыгында жыл сайын Кыргызстанда өтүп келген. Кийин эстафета Түркия берилген. 2020 жана 2021-жылдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары COVID-19 пандемиясынан улам убактылуу жылдырылган.

Көчмөндөр оюндарында спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер өткөрүлөт. Мелдештин негизин Борбор Азиянын байыркы көчмөн элинин оюндары түзөт. 2021-жылдын декабрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген.