Баткен ОИИБ: 17 кызматкерге чара көрүүнүн Жолболдуевага козголгон иштер менен байланышы жок

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Акыйкатчы институтунун блогер Батмакан Жолболдуеванын укугунун бузулушуна байланыштуу райондук милициянын 17 кызматкерине чара көрүлдү деген маалыматты четке какты.

Мекеменин басма сөз кызматы облустук милициянын ички иликтөө кызматынан атайын топ түзүлүп, Баткен РИИБдин ишмердүүлүгүн жана убактылуу кармоочу жайдын абалын текшерүүгө алганын белгиледи. Текшерүүнүн жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган буюмдарды табылган.

«2022-жылдын 15-апрель күнү ички иликтөөнүн корутундусу чыккан. Жыйынтыгында Баткен РИИБдин 18 кызматкери тартиптик жазага кириптер болушкан. Алардын тартиптик жазага тартылышы Батмакан Жолболдуевага козголгон иш менен байланышы жок», — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов «Клоопко» 17 кызматкер жазага тартылганы тууралуу Баткен облустук прокурорунун орун басары А. Исманов кол койгон жоопто жазылганын билдирди.

«Облустук прокуратурадан Жолболдуеванын өз өмүрүнө кол салганы боюнча бир катар кызматкерлер жазаланганы тууралуу расмий жооп келген», — деп баса белгиледи Колопов.

23-майда Акыйкатчы интституту блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн 11 кызматкерине сөгүш, беш кызматкерине катуу сөгүш жарыяланып, райондук милициянын башчысынын орун басарына ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу чарасы көрүлгөнүн кабарлашкан.

Галымбетованын өлүмү, Жолболдуеванын кармалышы

Блогер Батмакан Жолболдуева.

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон. Жакындарынын айтымында, журналист кечинде өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Андан соң жүрөгү токтоп калган.

Галымбетованын кесиптештери журналист акыркы убактарда «каралоолорго кабылганын» жазышкан. Мындан сырткары Галымбетова өзү да Фейсбугунда каралоорго кабылып жатканын айткан.

Галымбетованын өлүмүнөн кийин Баткен ОИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуеваны кармаган.

Ага Галымбетованын 25-мартта «Батма-Бат» Youtube-каналынын автору Жолболдуеванын үстүнөн «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп, милицияга арыз жазганы себеп болгон.

Андан кийин Жолболдуевага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болду. Анын жактоочусу козголгон иштер негизсиз экенин айткан, ошондой эле муну блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

21-апрелде Ош шаардык соту Жолболдуеванын бөгөт чарасын карап, аны 26-майга чейин камакта калтырган. Судья мындай чечимин тергөө боюнча дайындалган экспертизалар толук чыга электиги менен негиздеген. Ага чейин тергөөчү Жолболдуеванын үй камагына чыгышы «иликтөө иштерине тоскоолдук жаратат» деген жүйө келтирген.

Тема боюнча:

Блогер Батмакан Жолболдуеванын иши боюнча 17 милиция кызматкерине чара көрүлдү