Блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган 17 милиция кызматкерине чара көрүлдү

Сүрөт: Тойчубек Боронбаев/Kloop

Блогер Батмакан Жолболдуеванын укугун бузган Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн 11 кызматкерине сөгүш, беш кызматкерине катуу сөгүш жарыяланды. Ал эми райондук милициянын башчысынын орун басарына ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу чарасы көрүлдү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институту буга чейин Жолболдуевага карата убактылуу кармоочу жайдын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде орой мамиле жана коркутуулар болгону үчүн милиция кызматкерлерине чара көрүү боюнча облустук ички иштер башкармалыгына сунуш келтирген. 

«Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү 14-апрелде Жолболдуевага жолукканы барганда, Баткен ОИИБдин убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге, моралдык басымга чыдабай, колунун кан-тамырын кескенин белгилүү болгон. Ал убактылуу кармоочу жайынын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде орой мамиле жана коркутуулар болгонун жазган», — деп айтылат билдирүүдө.

Кийинчерээк акыйкатчы Атыр Абдырахматова Баткен ОИИБинин убактылуу кармоочу жайынын кызматкерлерине карата чара көрүүнү талап кылып, Башкы прокуратурага, ал эми прокурор сотко бөгөт коюу чарасы боюнча өтүнүч келтиргенде, Жолболдуеванын жашы жете элек эки кичинекей баласы барын, мурда соттолбогонун эске албаганын айтып Баткен облусунун прокуроруна кат жөнөткөн.

Ошондой эле Акыйкатчы институту БУУнун аялдарга карата мамилеси, эркиндигинен ажыратууга байланышпаган укук бузган аялдарга карата жаза чаралары жөнүндөгү Бангкок эрежелери сакталбаганын көрсөтүп, бөгөт чараны кароодо бул талаптарды эске алууну талап кылынган.

«Бул талаптын эске алынбагандыгы боюнча Башкы прокуратура бизге берген жоопто негиздеме белгиленген эместигин баса белгилейбиз», — деп кошумчалашты институттан.

Галымбетованын өлүмү, Жолболдуеванын кармалышы

«АКИпресс» басылмасынын Баткен облусундагы өкүлү Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү каза болгон. Жакындарынын айтымында, журналист кечинде өзүн начар сезип, ооруканага жеткирилген. Андан соң жүрөгү токтоп калган.

Галымбетованын кесиптештери журналист акыркы убактарда «каралоолорго кабылганын» жазышкан. Мындан сырткары Галымбетова өзү да Фейсбугунда каралоорго кабылып жатканын айткан.

Галымбетованын өлүмүнөн кийин Баткен ОИИБи «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 28-мартта блогер Батмакан Жолболдуеваны кармаган.

Ага Галымбетованын 25-мартта «Батма-Бат» Youtube-каналынын автору Жолболдуеванын үстүнөн «менин аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат» деп, милицияга арыз жазганы себеп болгон.

Андан кийин Жолболдуевага «Бейбаштык», «Документтерди жасалмалоо», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери менен да кылмыш иштери козголгону белгилүү болгон. Блогердин адвокаты Назгүл Сүйунбаева козголгон иштер негизсиз экенин айтып, аны блогердин ишмердүүлүгү менен байланыштырган.

Тема боюнча:

«Күнөөм жок». Батмакан Жолболдуева 26-майга чейин камакта калтырылды

Блогер Батмакан Жолболдуевага козголгон төрт кылмыш ишинин чоо-жайы