Ош ШИИБ: Сейил бакта 18 жашар кызды зордуктоого шектелген эки бала кармалды

Кармалган шектүүлөр. Сүрөт: Ош ШИИБ 

Ош шаарында 18 жашар кызды зордуктоого шектелип 17 жана 18 жаштагы балдар кармалды. Бул тууралуу 24-майда Ош ШИИБден «Клоопко» билдиришти.

Милициянын маалыматына караганда, окуя шаардагы сейил бактардын биринде 17-май күнү саат 17:30 чамасында болгон. Пресс-релизде «эки бала паркта бараткан кызга кол салып, күч колдонуп, эркине каршы зордуктаган» деп айтылат.

Айыпталуучулар кызды окуя болгон жерге таштап кетишкен. Андан соң кыз шаардык милицияга арыз жазган. Ош ШИИБден учурда кыз коопсуз жайда экенин белгилешти.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, издөө иштеринин натыйжасында шектүүлөр 19-майда кармалган. Милициядан кыз тергөө амалдарынын жүрүшүндө, кармалган балдарды таанагынын белгилешти.

Ош шаардык соту шектүүлөрдү тергөө аяктаганча эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. «Зордуктоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

16-майда Чүй облусунун Сокулук районунда 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелип өгөй атасы кармалган. Кармалган киши жашы жете элек кызды «бир нече жылдан бери зордуктап келгени» айтылган.

Милиция «Зордуктоо» беренеси менен иш козгогон. Тергөөдө 35 жаштагы шектүү күнөөсүн мойнуна алып, жыныстык катнашка «кыздын макулдугу менен» барганын айткан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

*Мыйзам боюнча 16 жашка чейин жыныстык катнашка «макулдук бергени» эсепке алынбайт.

2021-жылы Кыргызстан Борбор Азияда аялдар үчүн эң эле кооптуу өлкө болуп табылган. Өлкөдө эркектер аялдарды уурдап, зордуктап, өлтүрүп көп учурда жазасыз калышат.

Өткөн жылы «Клооптун» жана «Медиазонанын» журналисттери акыркы 6 жыл аралыгында Кыргызстанда зордуктоо боюнча чыккан сот өкүмдөрүн талдап, аялдар жана кыздар көбүнчө тааныштары тарабынан зордукталарын аныкташкан.

Ошондой эле зордуктоо фактыларынын эң көбү аялдардын өз үйлөрүндө жана көчө, талаа же паркта болору белгилүү болгон.

Кененирээк окуңуз:

Кыргызстанда аялдарды көбүнчө кимдер зордуктайт? График менен көрсөтүп беребиз