ЖК Коргонбай уулу мамкызматкердин өргүүсү жөнүндө мыйзам демилгелебегенин билдирди

Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМК менен иштешүү бөлүмү Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленген мыйзам долбоорунун айланасындагы жагдайга комментарий берди. Алсак, документте мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу сунушталган болчу.

Мыйзам долбоору парламенттин сайтына 20-майда чыгарылган. Демилгечиси деп Коргонбай уулу көрсөтүлгөн. Бирок, ЖМК демилге тууралуу жазып чыгып, соцтармактарда нааразычылыктар жаралгандан кийин депутат андай мыйзам долбоорун сунуштабаганын айтып чыккан.

Парламенттин басма сөз кызматынан 25-майда териштирүүнүн алкагында депутат Коргонбай уулунун консультанты катачылыкка жол бергени аныкталганын билдиришти.

«Аталган депутат жогорудагы мыйзам долбоорунун демилгечиси эмес», — деп белгилешти ал жактан чыныгы демилгечи ким экенин айтпай.

Ал эми Эмгек кодексине өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбоору чакыртылып, Жогорку Кеңештин сайтынан өчүрүлдү.

Мыйзам долбоорунда депуттатарга, чиновниктерге жана башка мамлекеттик кызматкерлерге эмгек өргүүсүн 28 календардык күндөн ашык кылып белгилөө сунушталган болчу.