Айыл чарбаны өнүктүрүү эл аралык фонду дыйкан чарбаны өнүктүрүүгө 31 млн доллар берет

Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (АӨЭФ) дыйкан чарбаларды өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 31,28 млн доллар бөлөт. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди.

Ал долбоорду каржылоо келишимин депутаттар 23-майда комитет жыйынында колдоп беришкенин айтты.

«Долбоорго 31,28 млн АКШ доллары каралган. Анын ичинен 8,25 млн доллары — грант жана 23,03 млн доллары 40 жылдык мөөнөткө 0,75 % менен насыя», — деп билдирди министрдин орун басары.

Шерипов долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 6 жылды түзөрүн жана өлкөнүн бардык аймактарын камтый турганын кошумчалады.

Министрлин орун басары долбоор дыйканчылыкты өнүктүрүү аркылуу айылдарда кедейчиликти кыскартуу максатын көздөрүн айтты. Анын айтымында, долбоор 398ге чукул үй чарбасына жардам берет.