SuperTV телеканалына парламенттин ишин чагылдырууга уруксат берилди

SuperTV телеканалынын журналисттерине Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө жана парламенттин ишин чагылдырууга уруксат берилди. Бул тууралуу аталган телеканал 26-майда жазды.

«Баш мыйзамдын бир нече беренелеринин бузган бул аракет эми токтотулду. Сөз эркиндигинин, мыйзамдардын жана адилеттүүлүктүн принциптерин бекем кармаган медиа тармагынын өкүлдөрүнө жана өлкөбүздүн активдүү жарандарына терең ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат канал тараткан маалыматта.

Окуя кандай болгон?

Үстүбүстөгү жылдын 18-майында SuperTV телеканалынын кабарчысына Жогорку Кеңештин имаратына кирип журналисттик милдетин аткарууга тыюу салынган. Буга 11-майда телеканалдын журналисти менен депутат Надира Нарматованын ортосунда чыр себеп болгон.

Анда кабарчы парламенттин ашканасына барып, тамактанып жаткан депутаттарга суроо узаткан. Депутат ашканадагы съемкага каршы болуп, микрофонду тартып алууга аракет кылган. Чыр-чатактын тасмасы телеканалдын Ютуб каналына жүктөлгөн.

Журналисттер депутат Надира Нарматова тарабынан SuperTV телеканалынын кабарчысына «орой мамиле кылынып, адамдык аброюна шек келтирилди» деп эсептешет.

Ал эми Жогорку Кеңештин жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Эркин Каимовдун айтымында, мындай чечим телеканалдын кабарчысы Тахмина Кенжебек кызы парламенттин ашканасында журналисттер видеого тартып жаткан учурда депутат Надира Нарматова менен урушуп кеткенден кийин кабыл алынган.

20-майда «Медиа Полиси Институтунун» (МПИ) юристтери SuperTV телеканалынын журналисттерине Жогорку Кеңештин имаратына кирүүгө жана парламенттин ишин чагылдырууга убактылуу тыюу салынганы негизсиз жана мыйзамга каршы экенин билдиришкен.

Ошондой эле, юристтер регламентке ылайык, журналист коомдук тартипти жана жүрүм-турум нормаларын бир нече жолу бузса, журналистти аккредитациядан ажыратуу маселесин кароо депутаттык комиссия гана чече аларын белгилешкен.