Сузакта окуучу кызды сабаган мугалим өз каалоосу менен жумуштан кетти

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 7-класстын окуучусун сабаган мугалим Мээримгүл Эргешбаева өз калоосу менен жумуштан кетти. Бул маалыматты «Клоопко» билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков билдирди.

Ал эми Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов «Турмуш» басылмасына окуя боюнча комиссия иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында мугалим иштен бошотулганын айткан.

«Иликтөөнүн жыйынтыгында мугалимдин окуучу кызды сабаганы аныкталды. Жыйынтыгында Эмгек кодексинин “Педагогикалык кызматкер окуучуга, тарбиялануучуга карата күч колдонуп же психикалык зомбулук көрсөтүшүнө байланышкан тарбиялоо усулдарын пайдалануу” беренеси менен кызматтан алынды», — деп билдирген ал.

25-майда Фейсбукта мугалим менен окуучу кыз айтыша кетип, андан соң окутуучу кызды сабаганы боюнча видеолор тараган. Кийин чыр Сузак районундагы №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте кол эмгек сабагы учурунда чыкканы белгилүү болгон.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча Сузак райондук милициясы текшерүү жүргүзүп жатканын билдирген. Мугалим менен окуучулар суракка алынып, жабырлануучу кызга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова окуяга дароо реакция билдирип, мугалим жана мектеп директору «жоопко тартылышы керек» деп жазган. Ал эми билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев «кандай учур болбосун мугалим окуучуга кол көтөрбөшү керек болчу» деп билдирген.

Окуучу кыздын апасы мугалим алардан кечирим сураганын айтып, милицияга арыз жазбаганын маалымдады. Ал эми кызы өзүн жаман сезгендиктен ооруканага жаткырылганын айтат.

Тема боюнча:

Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы боюнча комиссия түзүлүп, териштирүү башталды

Негизги беттеги сүрөт — «Регион» телеканалынын видеосунун скриншоту.