Евразия өнүктүрүү банкы агроөнөржайды колдоого 8 млн доллар берет

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) Кыргызстанда агроөнөржай комплексин колдоо үчүн 8 млн доллар бөлөт. Аталган банк Бишкекте өткөн Евразия экономикалык форумдун алкагында «Айыл банк» менен алкактык* келишимге кол койду.

*Алкактык кредиттик линия — бул белгилүү бир мөөнөттүн ичинде бир келишимдин алкагында товарларды жеткирүү акысын төлөө үчүн берилген насыя.

Евразия өнүктүрүү банкынан белгилешкендей, долбоордун максаты — Кыргызстанда агроөнөржай комплексин өнүктүрүү. Ошондой эле зайымчыга максаттуу жаңылануучу кредиттик линия берилери кабарланды.

*Жаңылануучу кредиттик линия — бул кошумча сүйлөшүүлөрсүз белгилүү бир ченемде, ошондой эле белгилүү насыялоо мөөнөтүнүн ичинде берилүүчү жана төлөнүүчү кредит.

«Агроөнөржай сектору Кыргызстандын экономикасында олуттуу ролду ойнойт жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосунда жаңы соода мамилелерин, ошондой эле товарларды жеткирүү байланыштарын курууда чоң экспорттук мүмкүнчүлүктөргө ээ», — деп билдиришти ЕАӨБден.

ЕАӨБ долбоор айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларга да колдоо көрсөтөт деп үмүттөнөт.

ЕАӨБ «Айыл Банка» биринчи эле жолу насыя берип жаткан жок. Ал 2014, 2017 жана 2018-жылдары Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо программасынын алкагында «Айыл Банкка» жалпысынан 20 млн долларлык кредит берген.

Бирок «Айыл Банктагы» каражат ачык-айкын бөлүштүрүлбөйт. 2021-жылдын 29-ноябрында УКМК «Айыл Банкта» айрым компанияларга мүлктөрү күрөөгө алынып ири кредиттер максатсыз берилгенин аныктаган. Ошол эле кезде мүлктүн өзү өтүмсүз болгон — тактап айтканда, аны сатууга болбойт эле. Комитет «Коррупция» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаган.

УКМК мамлекеттик банктардагы текшерүүлөрдү президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында дыйкандар үчүн каралган жеңилдетилген насыялар башка колдорго берилгенин айткадан кийин баштаган. Анын айтымында, жазында өлкөнү кыдырганда ага дыйкандар ага жер айдоого акча, техника, үрөн жана күйүүчү май жоктугун айтышкан.

Ошондон кийин президент Эсептөө палатасына мамлекеттик банктарды ревизия, аудит жасап, эмне себептен дыйкандарга берилген, жеңилдетилген кредиттер жетпей жатканын аныктоону тапшырган.

Анда дыйкандарга делген жеңилдетилген насыялардын 97%ы депутаттар менен министрлерге берилип жатканы аныкталган.