«Күн карама болуп каражат сурап жүрөбүз». Депутат туудагы күндүн нурун ак түскө өзгөртүүнү сунуштады

Депутат Нурланбек Шакиев мамлекеттик туудагы күндүн нурун сарыдан ак түскө өзгөртүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 26-майдагы жыйынында билдирди.

«Түсү боюнча “күндүн сары түстө болушу — күн карама болуп калган, мына ошондон улам биз күн карама болуп көрүнгөн жактан каражат сурап, жардам сурап келе жатабыз, ушуну өзгөртүш” керек деп [айткандар бар]. Көп мамлекеттер өзгөрткөн учурлар бар. Биз дагы сары түстү ак түскө өзгөртсөк болот», — деди ал.

Депутат президенттин парламенттеги өкүлүнө бул маселени карап чыгууну сунуштады.

https://youtu.be/95rdraA2-nw

Желекти өзгөртүү боюнча сунуштар

Кыргызстандын мамлекеттик туусу

Буга чейин тууну өзгөртүү боюнча бир нече жолу сунуштар айтылып, талаш-тартыштар жаралган. Мисалы, 2005-жылкы революциядан кийин тууну түсүн өзгөртүү зарылдыгы айтылган.

Андан соң туунун кызыл түсүн 2010-жылдагы кан төгүүлөргө айыпташкан. Тууну өзгөртүү боюнча атайын депутаттык комиссия да түзүлүп, жаңы туу үчүн сынак да жарыяланган.

Активисттер депутаттардын демилгесин «популисттик кадам» деп атап, тууну өзгөртүүгө каршы митинг да өткөрүшкөн.

Ал эми авторлордун бири Маматбек Сыдыков желектин түсүнүн төңкөрүштөргө тиешеси жоктугун айтып, депутаттарга нааразы болгон.

«Желек кызыл болгон үчүн эле кан төгүлө бербейт. Президент, бийлик, ички жана тышкы иштерди жүргүзүүдө кетирилген кемчиликтерден улам, ошондой эле экономикалык туруктуулук болбой жаткандан улам кат төгүлүүлөр болот. Бул жерде желектин эч кандай күнөөсү жок», — деген ал.

Кыргызстандын туусуна быйыл 30 жыл толду — ал 1992-жылы 3-мартта Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Ал эми туу күнүн белгилөө жөнүндөгү жарлыкка 2009-жылы 10-июнда кол коюлган.

Желектин авторлору — Маматбек Сыдыков, Сабыр Иптаров, Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков жана Жусуп Матаев.

Мамлекеттик туу кызыл түстө, ортосунда нурун тегиз чачкан күн, анын ичинде боз-үйдүн түндүгү чагылдырылган. Айторлордун айтымында, кызыл түс эркиндиктин жана тайманбастыктын, нурун тегиз чачкан күн бейпилдик жана байлыктын ал эми түндүк кут жана биримдиктин символу.