«Милиционерлер шылдыңдаган». ИИМ кызматтык иликтөөнү баштады

ИИМ «милиционерлер киши 15 жаштагы кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартып, тескерисинче шылдыңдаган» деген маалыматтын чын-төгүнүн иликтейт. Бул тууралуу парламенттин 26-майдагы жыйынында белгилүү болду.

Жыйында депутат Дастан Бекешев «кызды шылдыңдаган» милиция кызматкерлерине карата кандай чара көрүлгөнүнө кызыкты.

«Мына Петровка айылында болгон окуяны жакшы билесиз. Дүкөндө отурган 15 жаштагы кызга жыныс мүчөсүн көргөзгөн кишиге милиция “Ай эч нерсе болбойт” деп күлүп, ишти козгобой жүргөн. Сиздин оюңузча бул туурабы же туура эмеспи?Апасы милиция “сиздин кызыңыз чоңойду деп айтып, шылдыңдашты” деп билдирип жатат. Аларды жумуштан кетириш керек», — деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев депутаттын суроосуна жооп берип жатып, бул маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөт деп жооп берди.

«Эгер апасы айткандар тастыкталса, мыйзам чегинде чара көрөбүз», — деди министрдин орун басары.

Эмне болгон?

24-майда Чүй облусунун Москва районуна караштуу Петровка айылында дүкөндө соода кылган 15 жаштагы өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши үй-камагына чыгарылганы белгилүү болгон. Окуя тууралуу кыздын эжеси айтып чыгып, соода түйүндөгү байкоочу камераларга жазылып калган видеону жарыялаган.

«Сиңдим ошол күнү чоң апамдын ордуна дүкөнгө чыккан. Дүкөнгө эркек киши кирип, шымынан жыныстык мүчөсүн чыгарып көрсөткөн […] Андан кийин сиңдим көзүнө жаш алып, үйгө чуркап кирип, болгон окуяны айтып берген», — деген ал.

Бул окуядан кийин кыздын апасы дароо милиция чакырган. Бирок ал укук коргоо органдарынын кызматкерлери окуяны укканда, «ачык эле шылдыңдашканын» айткан.

«“Коркунучтуу эч нерсе болбоптур, эмне үчүн мындай майда-чүйдө нерселерге убара кыласыңар” деп кетип калышкан. Милициянын тергөөчүсү Азамат Эгембердиев болчу», — деген кыздын эжеси.

Милициянын мындай жоругунан кийин өспүрүм кыздын ата-энеси шектүүнүн сүрөтүн чыгарып алып, өз алдынча издей башташкан. Алар ал киши айылга жакында эле келгенин жана дүкөнгө жакын жашаарын аныкташкан.

Милиция бул факты боюнча «16 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык адепсиз жоруктарды жасоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 14-апрелинде шектүү катары Ош облусунун 35 жаштагы тургунун кармаган.

Шектүү тергөө учурунда жана баш коргоо чарасын тандоодо ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Анткен менен тергөө судьясы А.Аскарбеков шектүүнүн жашаган жеринен оң мүнөздөмөлөр айтылганын, анын үч баласы бар экенин эске алып, аны камакка алуудан баш тарткан.

Кийинчерээк 29-апрелден баштап ишти Москва райондук прокуратурасы тергеп, материалдарды сотко өткөрүп бергени айтылган.

2021-жылы 417 бала зомбулукка кабылганын билдирген. Алардын 118 сексуалдык зомбулукка туш болгон.