Бекешев кандай шартта кумаркана мыйзамына каршы добуш берерин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кандай шартта казиного каршы добуш берип, Кыргызстанда кумарканаларды ачуу долбоорун колдобоого чакырарын айтты.

Эл өкүлү мыйзам долбооруна байланыштуу бир нече сунуштарды бергенин айтты. Алардын бири — онлайн-казино ачуу мүмкүнчүлүгүн жоюу.

Депутаттын пикиринде, андай казиного салык салуу жана кыргызстандыктар катышып жатабы-жокпу аныктоо мүмкүн эмес.

«Министрлер кабинети тескерисинче онлайн-казинону калтыргысы келет. Мыйзам бул түрүндө өлкөнүн бюджетин толтурбайт, бийликтин жакынкы адамдарынын чөнтөүн толтуруп, мамлекеттин жарандарын кумар оюндарына азгырат. Биздин жарандардын [казиного] баруусуна көзөмөл болбошу үчүн бардыгы жасалып жатат», — деп белгиледи ал.

Бекешевдин сунуштарынын арасында «кара тизме» да бар. Ал айрым кыргызстандыктарга кумарканаларга барууга тыюу салат.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал лудомандардын жакын туугандарынын арызынын негизинде түзүлөт. Бирок минкаб, Бекешевдин айтымында, бул сунушту колдобой жатат.

«“Көзөмөл сатып алуу” түшүнүгүн киргизүүгө макул болбой жатышканы өкүнүчтүү, мында ар бир жаран казинону кыргызстандыктан акча алууга түрткү кыла алмак. Бул биздин жарандардын катышуусуна жол бермек эмес. Бирок Министрлек кабинетиндеги сүрөмөчүлөр кумаркана бизнесинин жагымдуулугун өлтүрбөш керек деп жатышат», — деп жазды ал.

Минкаб кумар оюндарын жарнамалабоо сунушун дагы жактырбай жатат.

«Эгер сунуштар кабыл алынбаса, анда мен “каршылардын” катарында болом. Бирок кесиптештеримди тырышып, кээ бир жерден катуу эле көндүрүшөт деп корком. Анда мыйзам “жыртык” болуп, [кыргыз] жарандарынын баарысына ойноого жана казиночулардын салыктан кутулуп кетишине жол ачат», — деп белгиледи эл өкүлү.

Кыргызстанда казино ачуу демилгеси

2021-жылы президент Садыр Жапаров Кыргызстанда кумарканаларды ачуу демилгесин колдогон. Андан кийин эле демилгени минкабдын башчысы да колдогон.

2021-жылдын 27-апрелинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында — ири шаарлар менен облустун борборлоруна казино ачууну демилгелеген. Ал убакта Жапаров кумар оюндары бюджетке «миллиарддаган» киреше алып келерин белгилеген, минкаб ар бир оюн столу үчүн гана салык албастан, казино ишмердигин жүргүзүү үчүн 1- 1,5 млн долларга лицензия сатарын кошумчалаган.

Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгып, 28-мартта коомдук талкууга алып чыккан. Ага ылайык, ведомство казино, тотализатор, букмекердик контор жана залдардын, ошондой эле оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүн кайрадан мыйзамдаштыргысы келет.

Экономика министрилиги бул мыйзам долбоорун «кечиктирилгис» катары — кезексиз тартипте дароо үч окуудан кароону сунуштап жатат.

Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, Кыргызстандын, ошондой эле аракетке жөндөмсүз же 21 жашка толо элек жарандар кумарканалардын кардары боло албайт.

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров 2001-жылы өлкө бюджетине казино жана кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнөн 630 миллион сом түшкөнүн, бул жолу аталган сумма төрт эсе көп болот деп күтүлүп жатканын айтып берген.