Баткен шаарында 18 жаштагы кыз асынган абалда табылды

Баткен шаары. Сүрөт: Kloop

Баткен шаарында 18 жаштагы кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Милициядан окуя 27-май күнү саат 17:30 чамасында катталганын, жакындары кыздын сөөгүн экспертизага берүүдөн баш тартканын айтышты. Ал эми кошумча маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалашты.

Учурда кыздын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат.

Буга чейин Ноокат районундагы Гулистан айылында 15 жаштагы кыз өз үйүндө асынган абалда табылган. Окуя 23-майда болгон. Апасы кызын үйүнүн там башынан асынган абалда тапкан.

Ал кызын аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып барганда, дарыгерлер милицияга кабарлашкан. ОИИБден кыз «асынганга чейин кат жазып калтырганын» белгилешкен. Анда «Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам» деген маанидеги сөздөр жазылганы айтылган.

Кыз айылдагы Хужамов мектебинде 7-класста окуганы белгилүү болгон. Милициядан ал мектепте кимдир бирөө менен чырдашып-чырдашпаганын текшерүүнү убадалашты.

Ошондой эле милициядан кыздын апасы жана жакындары аны соттук-медэкспертизадан өткөрүү үчүн моргко алып баруудан баш тартканын белгилешти. Учурда анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

2-майда Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында 16 жаштагы окуучу асынган абалда табылган. Өспүрүм 11-класстын окуучусу экени аныкталган.

Анын атасы Ош шаарында ооруканада дарыланып жатканы, ал эми апасы Орусияга иштегени кеткени белгилүү болгон.

Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, мектеп окуучусунун өлүмүнүн себебин териширүү иштери башталган.

Ал эми өткөн жылдын июнь айында Ош шаарында 17 жаштагы кыз асынган абалда табылган. Анын жакындары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тарткан, бирок милиция өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү убадалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ноокат: 15 жашар кыз өз үйүндө асынган абалда табылды, териштирүү башталды

Кадамжай: Асынган абалда табылган 16 жаштагы окуучунун өлүмү териштириле баштады

Бишкекте 9 жаштагы бала асынган абалда табылды

Ош: 17 жаштагы кыз спорттук аянтчада асынган абалда табылды