Ноокат: 15 жашар кыз өз үйүндө асынган абалда табылды, териштирүү башталды

Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылында 15 жаштагы кыз асынган абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 23-майда болгон. Апасы кызын үйүнүн там башынан асынган абалда тапкан. Ал кызын аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып барганда, дарыгерлер милицияга кабарлашкан.

ОИИБден кыз «асынганга чейин кат жазып калтырганын» белгилешти. Анда «Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам» деген маанидеги сөздөр жазылганы айтылды.

Кыз айылдагы Хужамов мектебинде 7-класста окуганы белгилүү болду. Милициядан ал мектепте кимдир бирөө менен чырдашып-чырдашпаганын текшерүүнү убадалашты.

Ошондой эле милициядан кыздын апасы жана жакындары аны соттук-медэкспертизадан өткөрүү үчүн моргко алып баруудан баш тартканын белгилешти. Учурда анын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

2-майда Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында 16 жаштагы окуучу асынган абалда табылган. Өспүрүм 11-класстын окуучусу экени аныкталган.

Анын атасы Ош шаарында ооруканада дарыланып жатканы, ал эми апасы Орусияга иштегени кеткени белгилүү болгон.

Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, мектеп окуучусунун өлүмүнүн себебин териширүү иштери башталган.

Ал эми өткөн жылдын июнь айында Ош шаарында 17 жаштагы кыз асынган абалда табылган. Анын жакындары сөөктү экспертизага берүүдөн баш тарткан, бирок милиция өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү убадалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжай: Асынган абалда табылган 16 жаштагы окуучунун өлүмү териштириле баштады

Бишкекте 9 жаштагы бала асынган абалда табылды

Ош: 17 жаштагы кыз спорттук аянтчада асынган абалда табылды