Кадамжай: Асынган абалда табылган 16 жаштагы окуучунун өлүмү териштириле баштады

Иллюстративдик сүрөт.

Баткен облустук милициясынан Кадамжай районуна караштуу Марказ айылында 16 жаштагы окуучу асынган абалда табылганын кабарлашты.

Мекеменин басма сөз кызматы «Клоопко» билдиргендей, окуя тууралуу 2-майда белгилүү болгон. Жерине барган ыкчам тергөө тобу асынып алган өспүрүм 11-класстын окуучусу экенин аныктаган. Атасы Ош шаарында ооруканада дарыланып жаткан, ал эми апасы Орусияга иштегени кеткени белгилүү болду.

Бул факты райондук милициянын электрондук журналына катталып, мектеп окуучусунун өлүмүнүн себебин териширүү иштери жүрүп жатат.

Өткөн жылдын май айында Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашаган 14 жаштагы өспүрүм үйүнүн чатырында жипке асынган абалда табылган. Өспүрүмдүн атасы эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Бирок облустук милиция окуучунун өлүмү териштирилерин убада кылган.

Кыргызстанда балдар жыл сайын физикалык, сексуалдык жана эмоционалдык зордук-зомбулуктан жабыркап келет. Балага карата кандай гана формада зомбулук болбосун, бул алардын жашоосундагы бардык баскычта кыйратуучу кесепетке алып келет.

Тема боюнча:

Аксы районунда өспүрүм бала асынып алды

Сузакта 14 жаштагы өспүрүм асынып алды, милиция анын өлүмүн териштирет