Президенттин иш башкаруучусу болуп Каныбек Туманбаев дайындалды

Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 30-майда өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Ал эми өлкө башчынын буга чейинки иш башкаруучусу Тилек Батырканов башка ишке өткөнүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Каныбек Туманбаев

Каныбек Туманбаев 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Биримдик» партиясы менен катышкан. Ал ага чейин КСДП партиясынын мүчөсү болгон.

2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо Каныбек Туманбаев Сооронбай Жээнбековдун ишенимдүү өкүлү катары катталган. Ага чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин шоопуру да болуп иштеп, Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун дагы ишенимдүү адамы болгон.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, анын атына «Кош-Тамчы» жана «“БКС” курулуш компаниясы» катталган. Мындан тышкары, ал «Авиценна» медициналык билим берүү мекемесинин түзүүчүлөрүнүн бири болуп эсептелет.

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов менен фактчекер Болот Темировдун «Темир жолду миллиондоп сааган Дашков» аттуу иликтөөсүндө Каныбек Туманбаевдин дагы аты аталган.

Мындан сырткары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгындагы ажылыктын акчасына байланыштуу окуяда ошол кездеги муфтий Максатбек Токтомушев, Равшан Сабиров жана Туманбаев тууралуу дагы сөз болгон.

Тилек Батырканов

43 жаштагы Тилек Батырканов бул кызматка 2021-жылдын декабрь айында дайындалган. Ага чейин президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп дагы иштеп, 2020-жылы паспорттордун тартыштыгы жана өз убагында даяр болбогону үчүн кызматынан алынган.