Бир кадр менен: Майыптыгы бар аялдардын арасында сулуулар сынагы өттү

30-майда майыптыгы бар аялдардын арасында «Сүйүктүү жандар» аталышындагы сулуук жана таланттар сынагы өттү.

Иш-чаранын уюштуруучусу Гүлзана Жаркынбаева «Клооптун» кабарчысына конкурс өткөрүү идеясына кантип келгенин, кандай кыйынчылыктарга тушукканын айтып берди.

Ал майыптыгы бар аялдардын арасында сулуулар сынагын өткөрүүнү 5 жылдан бери пландап жүргөнүн, бирок коом мындай иш-чарага «даяр эмес болуп чыкканын» айтып берди. Айтымында, иш-чараны өткөрүүгө коомдун «майыптыгы бар адам — оорулуу» деген ою тоскоолдук жараткан.

Бирок тоскоолдуктарга карабастан сынакты быйыл уюштурууга мүмкүн болгон.

«Мен элге биз барбыз, биз дагы коомдун мүчөсү экенибизди көрсөткүм келет. Биздин маданий иш-чарабыз бизге карата көз караш позитивдүү болушу үчүн уюштурулду. Биз дагы сулуу, таланттуу, акылдуубуз, биздин да колубуздан көп нерсе келет. Бизден көп нерсеге үйрөнсө болот», — деди ал.

Сынактын Сеил аттуу катышуучуларынын бири сынакка катышуу менен көрүүчүлөргө дем бергиси келгинин айтып берди. Сеилдин айтымында, конкурска катышуу менен майыптыгы бар адамдар коомдун башка адамдары сыяктуу эле мүчөсү экенин көрсөткүсү келет.

«Мен [майыптыгы бар адамдардын] өздөрү ушунчалык сулуу экенин билишин […] сулуу, акылдуу экенибизди, иштей аларыбызды, кыялданып, көккө уча аларыбызды билиш каалайм», — деп айтты ал.

Уюштуруучу сынакка 11 аял катышып жатканын белгиледи. Иш-чара төрт этаптан турат: визиттик карта, жалпы бий, дефиле жана таланттар.

Жаркынбаева сынакты жыл сайын майыптыгы бар аялдардын арасында эле эмес, майыптыгы бар балдардын жана эркектердин арасында дагы өткөрүүнү пландап жатканын белгиледи.