Энесин коргоо үчүн мас кишиге бычак шилтеди делген өспүрүм үй камагына чыкты

Энесине кол көтөргөн мас кишиге бычак шилтеген 16 жаштагы бала 30-майда үй камагына чыкты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан кабарлашты.

Маалыматты «Клоопко» Ленин райондук сотунун басма сөз катчысы тастыктап, өспүрүм 14-июнга, тергөө иштери аяктаганга чейин үй камагында болорун билдирди.

Атыр Абдрахматова жана эне-бала. Сүрөт: Акыйкатчы институту.

27-майда «Балдардын укугун коргоо» лигасынын директору Назгүл Турдубекова энесине кол көтөргөн мас кишиге бычак шилтеген 16 жаштагы бала өспүрүмдөр колониясына камакка алынганын айтып чыккан.

Турдубекова айтымында, балдардын улуусу апасын жана бир туугандарын батирге бастырып кирген кишиден коргоого аргасыз болгон. Турдубекова судья баланы сот залынан бошотууга милдеттүү болчу деп эсептейт.

Ленин райондук милициясы фактыны «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен каттап, ал эми Ленин райондук соту № 14 түзөтүү колониясына бир айга камакка алуу чечимин чыгарган болчу.

Өспүрүмдүн окуясына акыйкатчы Атыр Абдрахматова реакция жасап, 25-майда жашы жете элек баланын баш коргоо чарасын карап, эркинен ажыратуу менен байланышпаган чарага өзгөртүү талабы менен Ички иштер министрлигине кайрылган.

Акыйкатчы институту «Пекин эрежесине» ылайык, жашы жете электерди сотко чейин камакка алуу эң акыркы чара катары, кыска мөөнөткө гана колдонуларын белгилеген. Бирок мүмкүн болсо, башка альтернативдүү чаралар менен алмаштырылары да айтылган.

Тема боюнча:

Укук коргоочулар «энесин коргойм» деп мас кишиге бычак шилтеген өспүрүмдү бошотууну талап кылышты