Кара-Суу: ТИМ жана ЕККУ дүлөй жана дудук балдар билим алган мектепке жардам көрсөттү

1-июнь, Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтү. Сүрөт: Тышкы иштер министрлиги

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүндөгү Дүлөй жана дудук балдардын мектеп-интернатына Тышкы иштер министрлиги жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму тарабынан жардам көрсөтүлдү.

Министрликтин түштүк аймагы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Эмил Шадыкановдун айтымында, ЕККУ аталган мектептин ашканасына муздаткыч алып берди.

«Буга чейин, мектеп-интернатындагы ашканада муздаткыч болгону менен 174 окуучунун азыктарын толук батыра алчу эмес. Интернатка кошумча муздаткыч керек болгондуктан, ЕККУ 50 баланын азыгы сыйгыдай муздаткыч сатып берди», — дейт ал.

Ошондой эле, аталган мектепти оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн Тышкы иштер министрлигинин алдында түзүлгөн консулдук клубдун өкүлдөрү акчалай жардам беришти.

«Мектеп-интернаты оңдоп-түзөө үчүн ардактуу консулдардын клубунан жана Кыргызстанда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпустун өкүлдөрү тарабынан 378 миң сом өлчөмүндөгү акча каражат тапшырылды», — деди Шадыканов.

Кара-Суу районундагы дүлөй жана дудук балдардын мектеп-интернаты 1936-жылы негизделген. Учурда мектепте өлкөнүн бардык облустарынан келген 174 окуучу билим алат.

Статистика комитетинин өткөн жылдагы изилдөөсүнө ылайык, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген 18 жашка чейинки балдардын саны өлкөдө 32 миңден ашат. 2016-жылга салыштырмалуу майыптуулугу бар балдардын саны 11,3 пайызга көбөйгөн.

Майыптуулугу бар адамдар Кыргызстанда үчүн инфраструктура ыңгайсыз, коомдук транспорт менен толук кандуу пайдалана алышпайт. Балдарга инклюзивдүү билим берүү да жеткиликсиз. Мындан сырткары майыптуулугу бар адамдар иш таба албай, коомчулукта дискриминация туш болуп келишет.

Кыргызстан 2019-жылы Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялаганына карабастан, бийлик аны ишке ашырууга шашпайт.