Кара-Сууда журналист Бакыт Кулчумановго кол салуу болду. Шектүү сурак берип жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда журналист Бакыт Кулчумановго кол салуу болду. Журналист Мамлекеттик каттоо кызматынын Кара-Суу районундагы бөлүмүнө маалымат алуу үчүн барганда «Улук» аттуу киши ага кол көтөргөнүн айтып, окуянын видеосун жарыялады.

Кулчуманов Кара-Сууга «2003-жылы сатылган жерлердин жашыл китептери кийин беделдүү депуттаттын кийлишүүсү менен мыйзамсыз жокко чыгарылганы» боюнча иликтөө жасоо үчүн барганын белгиледи.

«Карапайым эл көйгөйүн жеткире албай, укуктары сакталбай, үмүтү өчүп турганда ЖМКга кайрылат. Ар жолу жарандарга көмөктөшүп жатып түрдүү тоскоолдуктарга кабылам, бирок мамлекеттик органдардын ушундай агрессия жана орой мамилесине биринчи жолу туш болдум, жөнөкөй адамды айтпай эле коёлу», — деп жазды ал.

Журналист бул боюнча Мамлекеттик катоо кызматынын Кара-Суу райондук бөлүмүнө кайрылганын жана алар кол салган киши штаттан тышкаркы кызматкер деп айтканын билдирди.

«Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги менен сүйлөшкөнүмдө, ал киши мекемеде иштебей турганын айтышты. Демек, ким болбосун мамлкекеттик мекемелерде ээн эркин жүрүп, кишилерге кол салышы мүмкүн, бул болсо кадыресе көрүнүш катары кабылданат. Ушуга окшогон штаттан тышкаркы кызматкерлер мамлекеттик органдарда көп кездешет», — деп белгиледи журналист.

Кулчуманов окуя боюнча укук коргоо органдарына кайрылганда бюрократияга туш болгонун, далил жана күбөлөрдүн бар экенине карабай шектүү кармала элегин кошумчалады.

«Жанагы киши дагы эле табыла элек, иш болсо токтотулуп жатат. Соттук-медициналык экспертизадан өзүм таап барып өтүп келдим, ушунун айынан баары созулуп кетти. Сыягы, Кара-Сууда баары бири-бири менен тыгыз байланышта окшойт, бири-бирине байке, күйөө бала же тууган», — деди ал.

Журналист Кара-Сууда калуу кооптуу болгондуктан Бишкекке кайтып келгенин кошумчалады.

Облустук милиция эмне дейт?

Шектүү. Сүрөт: Ош ОИИБи

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев 1-июнда «Клоопко» 30-май күнү журналист Бакыт Кулчуманов Улукбек (Амир) аттуу адамга чара көрүүнү өтүнүп милицияга арыз жазганын тастыктады.

Арызда Улук атуу киши журналистти оозго уруп, үстүндөгү кийимин айрып, көз айнегин сындырып салганы айтылат.

Аширбаев жерине Кара-Суу райондук милициянын ыкчам тергөө тобу барып, соттук-медициналык эксперизага токтом дайындашканын кошумчалады.

Милиция кызматкерлери териштирүүнүн негизинде Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл аймагына караштуу Жылкелди айылынын 48 жаштагы тургуну кармалганын билдирди.

«Журналистке кол салуу фактысы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Азыр шектүү облустук милицияда суракта отурут», — деп билдири Аширбаев.

Журналисттерге болгон басым

«Клооп» акыркы беш жылдагы маалыматтарды талдап, Кыргызстанда журналисттерге кол салуу жана кысым үчүн дээрлик эч ким жазага тартылбасын аныктаган.

Беш жарым жыл ичинде — 2015-жылдын январынан тартып 2021-жылдын июлуна чейин прокуратуранын маалыматы боюнча, журналисттерге карата мыйзамсыз аракеттердин 42 учуру катталган. Бүгүнкү күнү алардын бешөө гана сотко жетип, 28и тергөө кылмыштын курамын таппагандыктан кыскартылган.

Журналисттерди кемсинтип, коркутуп, аппараттарын талкалап, унааларын өрттөп, кеңселерин тоноп кетишет. Аларды арматура менен башка чаап, муунтуп, жерге жыгып сүйрөшөт. Кол салуудардын дээрлик бардыгы жумуш учурунда же алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу болот.

Журналисттер бийликтин да, жөнөкөй жарандардын да зомбулугу менен моралдык кысымына кабылат — бул окуялардын дээрлик жарымына мамлекеттин өкүлдөрү жоопкерчиликтүү.

Акыркы жылдары журналисттер ишмердүүлүгүнө байланыштуу тоскоолдуктарга, кысымга жана иш учурундагы күч колдонууларга байма-бай кабыла баштады. Окуялардын дээрлик жарымында коркутуулар мамлекеттик кызматкерлер жана укук коргоо кызматкерлери тарабынан болгон.

Тема боюнча:

Кыргызстанда журналисттерге кол салышат, куугунтукташат жана соттошот. «Клооптун» дата-анализи

«Кадастрдын» Кара-Суу филиалы 24 млн сомдук жерди мыйзамсыз жеке менчикке каттаган