Өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майы кошумча нарк салыгынан убактылуу бошотулат

1-апрелден тарта өлкөгө импорттолуучу кумшекер жана өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Минкабдан кошумчалашкандай, мындай чара жылдын аягына чейин бекитилген.

«Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынган», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Президенттин тапшырмасы

15-мартта президент Садыр Жапаров Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 1000 тонна кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майын сатыкка чыгарууну тапшырган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кумшекердин бир килограммы 70 сомдон, ал эми өсүмдүк майынын бир литри 130 сомдон сатыларын айткан.

Буга чейин Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги рынокто майдын бир катар түрлөрүнүн азайышы «абийирсиз сатуучулардын аракеттеринен жана жасалма түрдө таңкыстыкты жаратуу суроо-талабынан улам келип чыкканын» билдирген.

Орусиянын экспортко тыюу салуусу

Орусиянын өкмөтү 11-марттан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнө дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салган.

Андан кийин эле кыргызстандыктар жакында аталган өнүмдөрдүн тартыштыгы жаралышы мүмкүн, себеби алардын көбүн Кыргызстан Орусиядан алып келет деп чоочулай башташкан.

Бирок 23-мартта экономика министринин орун басары Элдар Алишеров Орусия дан өсүмдүктөрүн Кыргызстанга квота боюнча сатууну улантарын билдирди. Бул боюнча эки мамлекет Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинде макулдашышкан.