Өндүрүш Токтонасыров Путинди Украинадагы балдардын өлүмү үчүн жооп берүүнү талап кылды

Бишкекте 1-июнда активист Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын элчилигинин алдына пикетке чыкты. Активист «Путин, өлгөн, жетим калган бөбөктөр үчүн Гаагада жооп бер» деп жазылган плакатты көтөрүп чыккан. Сүрөттү Фейсбук барагына режиссёр Болсунбек Таалайбек жүктөдү.

Буга чейин калаанын Биринчи май РИИБи бир нече жайда, анын ичинде Орусиянын элчилигинин алдында тынчтык митингдери менен акцияларды өткөрүүгө тыюу салган. Көп өтпөй Биринчи май райондук соту тыюуну мыйзамдуу деп тапкан.

Марттын башында Гаагадагы Эл аралык жазык сотунун башкы прокурору (ЭЖС) Карим Хан Украинада 2017-жылдан бери бүткүл адамзатына каршы жасалган аскердик кылмыштарды иликтөө башталганын билдирген. Ошол эле учурда Украина да, Орусия да Эл аралык жазык сотунун (ЭЖС) мүчөсү эмес. Бирок Киев 2013-2014-жылдары Киевде болгон нааразычылыктарды басууну, Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышын жана өлкөнүн чыгышында орусиячыл жикчилдердин пайда болушун иликтөө үчүн соттун юрисдикциясын тааныган.

Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариатынын башкармалыгы (АУЖКБ) Орусия Украинага толук алкактуу кол салгандан бери, 2022-жылдын 30-майына карата, 4113 жай тургун каза тапканын тастыктаган. Алардын 264ү — балдар.

Материалдын автору: Кайрат Бердишалиев