Прокуратура саламаттык министрлигинин дагы үч кызматкерин кармады

Гүлбара Ишенапысова/Улук-Бек Бектурганов

Коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы «коррупция» иши боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2-июнда кабарлады.

Маалыматка караганда, министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалган.

Көзөмөл органынан учурда аталган кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар же жок экени иликтенип жатканын белгилешти.

Буга чейин көзөмөл органы саламаттык министри Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга шектеп» кармаган. Ага жети берене менен кылмыш иши козголуп, министр УКМКнын ТИЗОсуна камакка киргизилген.

«Вакцина сатып алуудагы коррупция»

Башкы прокуратурадан министр айрым кызмат адамдары менен биргеликте президенттин «Саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгын «одоно бузганын» белгилешип, алар «бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз адалдоо ыкмасын уюштурган» деп айтышкан.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин өлкөгө эл аралык уюмдардан, Орусия, Кытай, Азербайжан жана Казахстандан бекер гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келип түшкөн. Мындан сырткары Кытай жана Орусиядан кошумча 6 млн дозадан ашык вакциналарды акысыз гуманитардык жардам иретинде бериле турганы макулдашылган.

Прокуратурадан буга карабай Бейшеналиевдин «жеке тапшырмасы менен» 2021-жылы 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сомдук 2 млн 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынганын билдиришкен.

«Гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн 147 миң 640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 млн 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө», — деп берилет ведомство тараткан пресс-релизде.

Натыйжада бюджетке 1 млрд 581 млн 474 миң 315 сом зыян келтирилгени айтылган.

Аталган факты боюнча «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Мындан сырткары Бейшеналиевдин жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 кылмыш иши тергелип жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

Прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга» шектеп кармады

Прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга» шектеп кармады