Президент кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон аскерлерден кабар алды

4-июнда президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Булак-Башы чек ара тилкесиндеги атышууда жарадар болгон чек арачылардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

«Мамлекет башчысы жоокерлер менен баарлашып, алардын акыбалын сурап, тез арада сакайышын каалады», — деп айтылат билдирүүдө.

Садыр Жапаров. Сүрөт: Президенттин баасма сөз кызматы.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аскерлер Улуттук госпиталда тийиштүү медициналык жардам алып, бардык зарыл диагностикалык изилдөөлөр жасалды. Учурда алар дарыгерлердин тыкыр көзөмөлдө экени айтылды.

4-июнда эртең менен кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жарадар болгон эки аскер Бишкекке алынып келинген. Чек арачылар керектүү жардам алуу үчүн ооруканага жаткырылганы айтылган.

Чек арадагы ок атышуу

Баткен районундагы кыргыз-тажик чек арасында 3-июнда ок атышуу катталган. Анын кесепетинен Каргызстандын эки аскери жаракат алганы айтылган.

Маалыматка ылайык, райондун Булак-Башы жерлигинде тажик аскерлери Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн. Алар кыргыз чек арачылардын аймактан чыгып кетүү талабына баш ийбей ок чыгарган.

Мындан улам эки тараптуу ок атышуу катталып, «тажик тарап миномётторду колдонгону» айтылган.

Маалыматка ылайык, саат 14:07де ок атышууну токтотуу боюнча буйрук берилгенине карабастан, тажик тарап кыргыз тараптын позицияларын саат 14:15ке чейин аткылоону уланткан.

Кырдаалды турукташтыруу максатында жерине Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкамалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана чек ара отрядынын командири Рустам Миршакиров барган.

4-июнда УКМКнын Чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу экенин билдиришти.

Тема боюнча:

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан эки аскер жарадар болду, бирөөнүн абалы оор