«Манас айылын» оңдоо боюнча долбоорго байге фонду 3 млн сомду түзгөн сынак жарыяланды

Бишкектеги «Манас айылы» этнографиялык комплексин реконструкциялоо боюнча долбоорго сынак жарыяланды. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары Нуртазин Жетыбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, байге фонду 3 миллион сомду түзөт, каражат демөөрчүлөр тарабынан топтолду. Сынак 6-июндан тартып 5-июлга чейин уланат.

«Сынактын жеңүүчүсүнө 1,5 миллион сом, экинчи орунга 1 миллион сом жана үчүнчү орунга 500 миң сом берилет. Жеңүүчүнү аныктоо үчүн 12 адамдан турган комиссия түзүлдү. Анын курамына манасчы, сүрөтчү, тарыхчыдан тарта министрлик, мамкурулуш агенттигинин кызматкерлери кирди. Сынактын жеңүүчүсүн аныктаганга чейин жеринде курулушка даярдык иштери жүрүүдө», — деди ал.

Жетыбаев сынактын жыйынтыгы 12-июлда чыгарыларын, андан бир жума өткөн соң курулуш башталарын белгиледи. Анын айтымында, сынакты жеңген долбоорду карап чыккан соң курулуш канча убакытка созулары белгилүү болот.

Ал эми «Манас» театрынын директору, манасчы Азиз Биймырза уулу «Манас айылын» реконструкциялоо долбоору бир жарым ай мурда президент Садыр Жапаров менен коплекске барганда сунушталганын айтты.

«Ал күндүн эртеси эле элибиздин ичинде Манас дүйнөсүнө кайдыгер карабаган адамдар тарабынан бир катар мыкты сунуштар түштү. Ал сунуштарды эске алуу менен сынакты ачык жарыялап жатабыз», — деди манасчы.

Буга чейин «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплекси Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлгөн. Министрлер кабинети «Манас айылын» реконструкциялап, эскилиги жеткен курулуштарды сүрдүрүп, жаңысын куруу тапшырмасын берген.

«Манас айылынын» айланасындагы чыр

«Манас айылынын» мурдагы башчысы Дөөлөт Сыдыков комплекстин аймагында президенттин администрациясынын жаңы имараты үчүн парк курулуп, маданий жайды Бишкектин сыртына көчүрүү аракети болуп жатканын айтып чыккан.

Сыдыков «Ысык-Көл» мейманканасын сүрдүрүү менен алектенген компаниянын кызматкерлери жана аткаминерлер «Манас айылынын» тосмосун да мыйзамсыз сүрдүрүп, 5 гектар жерди алууга аракеттенишкенин белгилеген.

Манасчынын мындай билдирүүсүнөн кийин президенттин администрациясынын басма сөз кызматы «Манас айылынан» 5 сотых жер административдик имараттын аймагын теңдөө үчүн алынып жатканын билдиришкен.

Кийинчерээк этнокомплекске президент Садыр Жапаров барып, ал жердин аянты кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй куруларын айткан.

Манасчы Дөөлөт Сыдыков бийлик тараптан кысым болуп жатканын айтып, өлкөдөн чыгып кеткен. Сыдыков бийликтин айткандары «калп» экенин, этнокомплекстин аянты эбак тарып кеткенин айткан.

«Манас айылы» 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына карата курулган. Этнокомплексти реконструкциялоо маселеси 2019 жана 2021-жылы дагы көтөрүлгөн.

Тема боюнча:

Дөөлөт Сыдыков: Манастын өз жеринде «Манаска» орун жок калган заманга келип калыптырбыз

«Манас айылы» этнографиялык комплексинин аймагы кеңейтилип, музей жана үч кабат боз үй курулат