Жаркынбек Касымбеков: Аз сүйлөп, көп иштейм

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков 24.kg басылмасына Саламаттык сактоо министрлигинин келечектеги пландарын жана ведомствонун азыркы абалын айтып берди.

Жаркынбек Касымбеков. Сүрөт: 24.kg басылмасы

Касымбеков министрдин милдетин аткаруучу катары бардык маселелерди тескей турганын айтты. Ал номенклатура боюнча, уюштуруучулук, жалпы, медициналык билим берүү, лицензия алуу, финансы жана кадрлар тармагындагы маселелерди тескеши керектигин белгиледи. Ошондой эле эч кимди жумуштан албасын кошумчалады.

Министрдин милдетин аткаруучу коллективден эч ким аны менен иштешүүдөн баш тарта электигин, «бирок барын күтсө болорун» айтты. Анын билдиришинчи, учурда министрликте атмосфера «жакшы болбой турат». Ал жаңы кызматта кылдат жана кеңешип иштей турганын да кошумчалады.

«Бөлүм башчылар жана саламаттык сактоо министринин орун басарлары кызматтан алынгандыктан жумуш токтоп калды. Документтер күтүп калды, кол коюу керек. Электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча кай жерде кечигүүлөр болуп жатканы көрүнүп турат. Мен азырынча кызматка кирише элекмин, жамаат менен бүгүн [6-июнда] тааныштырышат», — деди ал.

Касымбеков 2015-жылы «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кызматтан алынып, кийин акталганын айтып берди. Айтымында, үч эпизод боюнча шектелген: медицина кызматкерлеринин формасын тигүү, оорунун тарыхы жазылган кагаздарды жасалмалоо жана сый акыларды негизсиз берүү.

«Мен көз боёмочу да, ферист да эмесмин […] Мени мурунку кызмат ордума бардырбаш үчүн кызматтан бошотушкан […] Өзүмдү толук актоо үчүн жети жылдык өмүрүм кетти. Колумда Бишкек шаардык сотунун мыйзамдуу, күчүнө кирген реабилитациялоочу өкүм бар. Адилеттик издеп, мынчалык чыдамдуу болгондор өтө аз», — деп айтты ал.

Касымбеков 2021-жылдын октябрында эмне үчүн Саламаттык сактоо министрлигинде кабинетти өз билемдик менен ээлеп алганын дагы түшүндүрдү.

«Кызматты басып алууга эч кандай каалоо дагы, ниет дагы болгон эмес. Алтынчы октябрда бийлик жок болгон, аянттын жанындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун талкалап кетишкен. Андар ары талоончулук болуп кетпеши үчүн штаб түзүлүп, Саламаттык сактоо министрлигин сактап калууну суранышкан. [...] Министрликке бардым, барсам министр кабинетин таштап, орун басарлары менен сататс-катчылары да жок экен. Аларга чалып, коронавирус боюнча маалымат алып [...] кетип калдым», — деди ал кабинетте эки саатка жакын болгонун кошумчалап.

Ошондой эле Касымбеков мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган иштерди жана реформаларды эгер аларда рационалдуу дан болсо улантарын кошумчалады.

«Эгер [Бейшеналиевдин реформасы] мыйзамга каршы келип, юридикалык жактан ката болсо, анда кайра карап чыгабыз. Биз муну такташыбыз керек, мен арызынча тааныша элекмин», — дейт министрдин милдетин аткаруучу.

Бейшеналиевдей болуп журналисттердин суроолоруна кайсы гана убакыт болбосун жооп берип турууга даярсызбы деген суроого Касымбеков аз сүйлөп, көп иштөөгө аракет кылам деп жооп берди.

Бейшеналиевдин кызматтан четтетилиши

4-июнда президент Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетип, Жаркынбек Касымбековду министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган.

Жапаровдун басма-сөз кызматынын маалыматына ылайык, президент мындай чечимди Бейшеналиевге карата козголгон кылмыш иши «ар тараптуу, адилеттүү» каралышын камсыздоо үчүн кабыл алган.

Башкы прокуратура министрге карата жети кылмыш ишин козгогон. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, бир иш «Коррупция» беренеси менен, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө — «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Зыян келтирген пайдасыз контрактты билип туруп түзүү» беренелери менен козголгон.

Бишкектин Октябрь райондук соту Бейшеналиевди бир айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизген.

Жаркынбек Касымбеков тууралуу эмне белгилүү?

Жаркынбек Касымбеков 49 жашта. Медицина илимдеринин доктору. 1996-жылы Мамлекеттик медицина институтун аяктаган. 1998-жылы мамлекеттик медициналык академияда урология боюнча ординатураны окуган. 2004-жылы Президентке караштуу башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Касымбеков Бишкекте Тез жардам станциясынын башкы дарыгери жана №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорлук кызматын аркалаган. Ал Эл аралык медициналык университеттин ректору да болгон. «Манас» университетинде да сабак берип иштеген.

2015-жылы Касымбековго мыйзамсыз тендер өткөрүүгө байланыштуу кылмыш иши козгллгон. Сот аны «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен күнөлүү деп таап, 300 миң сом айып салган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого Касымбеков «Чоң Казат» партиясынан депутаттыкка ат салышкан. Ал эми октябрь окуяларында өзүн-өзү Саламаттык сактоо министрлигинин координатору деп жарыялаган.