«Зулушевдин өчү», «вакцина чыры», «акча ордунда». Бейшеналиев кандай кылмыштарга шектелүүдө?

Алымкадыр Бейшеналиев

Башкы прокуратура тарабынан кармалып, бир айга камакка алынып, кызматынан убактылуу четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев төрт берене боюнча жети кылмышка шектелип жатат. Бейшеналиевге козголгон иштердин чоо-жайын түшүндүрүп беребиз.

«Коррупция»

Кылмыш иштеринин биринчиси «Коррупция» беренеси менен козголгон. Башкы прокуратурадан 2021-жылы министрдин жеке тапшырмасы менен коронавируска каршы 2 млн 460 миң доза вакцина негизсиз сатып алганын билдиришкен. Мунун кесепетинен бюджетке дээрлик 1,6 млрд сом зыян келгени айтылган.

«Гуманитардык жардам иретинде алынып келинген 3 млн 147 миң 640 доза вакцина бар болуп туруп, кызмат адамдары жеке пайда табуу максатында ашыкча 2 млн 460 миң доза вакцина сатып алышкандыгынан, ашыкча болгон вакциналардын сактоо мөөнөттөрү эскирип, колдонулбай 243 миң 223 доза керектен чыккан, калган ашыкча вакциналардын дагы колдонуу мөөнөттөрү өтүүдө», — деп билдиришкен ведомстводон.

«Вакцина сатып алуудагы коррупция» ишине байланыштуу ССМдин дагы үч кызматкери — саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов, Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордук директору Гүлбара Ишенапысова, Дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков — кармалган.

Бектурганов эки айга, Ишенапысова бир айга камалган. Ал эми Сатарбеков үй камагына алынган.

Бейшеналиев өзү бул айыптоо менен макул болгон эмес. Ал «вакцина өз учурунда алынгандыктан кыргызстандыктардын өмүрү сакталып калганын» айткан.

2-июнь, Бейшеналиев кармалганган чейин президент Садыр Жапаров менен.

«Опузалап пара алуу»

«Опузалап пара алуу» беренеси боюнча Бейшеналиевге эки кылмыш иши козголгон. Прокуратура анын бири боюнча маалымат берген.

Ага ылайык, прокуратурага министрдин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов арыз менен кайрылган. Анын айтымында, «2021-жылдын май айынан баштап Бейшеналиев аны бөлмөсүнө бир нече ирет чакырып, кызматынан кетирем деп коркутуп, 1 млн сом пара берүүсүн талап кылган».

Бектурганов «ар кандай коркутуулардан кийин туугандарынан 498 миң сом карыз алганын, аны Бейшеналиевдин оозеки тапшырмасы менен 2021-жылдын 8-июлунда Бишкектеги курулуш компаниялардын биринин өкүлүнө алып барып бергенин» айткан.

Аталган айыптоо боюнча Бейшеналиев азырынча комментарий бере элек. Бирок май айында иш сапарында жүргөндө, ага карата «каралоолор жана бут тосуулар болуп жатканын» айтып, буга орун басарларын күнөөлөгөн.

Ал «сапардан кайтаарым менен орун басарларымдын кызматтарына ылайыктуулугу боюнча маселени карайм» деп убадалаган.

Ага чейин Бейшеналиевдин ошондогу орун басарлары жана бир катар башкармалыктардын жетекчилери маалымат жыйын курган. Алар министр «этиканы сактабай», кызматкерлерди «мазактап, коркутуп жүргөнүн» айтышып бийликтегилерден аны жумуштан алууну суранышкан.

Анда Улук-Бек Бектурганов Бейшеналиев ага телефон чалып коркутуп, «койнуңдагы келинчегиңди инилериме салып берип кой» деп «айтканын» билдирген.

«Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү»

Төрт кылмыш иши «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу», «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери менен козголгон. Прокуратурадан «министр кээ бир кызмат адамдары менен бирге өз кызыкчылыктарын көздөп, мамлекетке каршы контракт түзгөн» деп билдиришкен.

Мекеменин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 8-июлунда M.V.ch Бахрейн компаниясы менен министрликтин ортосунда дары-дармектерди көзөмөлдөө боюнча акысыз кызмат көрсөтүү тууралуу меморандумга кол коюлган.

Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги, кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте «тендер өткөрбөй туруп, Түркиянын TC. I. T. компаниясы менен келишим түзүп, ага 54, 8 млн сом которгону» айтылган.

«Ал эми Бахрейн компаниясы менен түзүлгөн меморандумга ылайык долбоор эч кандай мамлекеттик чыгымдарсыз бекер ишке ашмак. Бирок, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жеке кызыкчылыктардын негизинде дары-дармектерди көзөмөлдөө системасын орнотууда атайылап пайдасыз келишим түзгөн», — деп белгилешкен прокуратурадан.

Анын кесепетинен бюджетке 54,8 млн сом «зыян келтирилгени» айтылган.

Анткен менен Минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги барагында муну «кандайдыр-бир катачылык» деп атап, түрк компаниясына акча «которулбаганын» билдирди.

«Акча ордунда. Биз тескересинче фарм-мафия менен күрөшүү боюнча эң маанилүү долбоорду ишке ашырбагандыгы үчүн министрди урушканбыз», — деди ал.

Бейшеналиевдин кармалышы, Зулушев экөөнүн «тиреши»

Алымкадыр Бейшеналиев, Садыр Жапаров, Курманкул Зулушев.

2-июнь күнү президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышып, министр Бейшеналиевге курулуш иштерин 15-сентябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.

Ошол эле күнү, кечинде Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди жана ССМдин үч кызматкерин кармаган.

Эртеси күнү президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөн. Өлкө башчы комиссия иштин материалдары менен таанышып, ага маалымат жеткирип турарын айткан.

«Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз», — деген ал.

Ал эми 4-июнда Жапаров Бейшеналиевди жана Зулушевди кызматтарынан убактылуу бошоткон. Президент мындай чечимди Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу кабыл алып, Зулушев менен Бейшеналиевдин «жеке мамилеси эске алынганы» айтылган.

Анткен менен Садыр Жапаров өзү демилгелеген жаңы Конституцияга ылайык, Башкы прокурорду парламенттин макулдугусуз бошото албайт болчу.

Зулушев өзү бул боюнча «Жапаровдун чечими талкууга жатпасын» айтып, «президенттин кабыл алган ар бир чечими аткарылууга тийиш» деп билдирген.

Ал эми Бейшеналиев өзүнүн кармалышын «Зулушевдин өчү» деп атап, башкы прокурор аны түрмөгө отургузам деп коркутканын айткан.

Октябрь райондук соту Бейшеналиевди УКМКнын ТИЗОсуна 2-июлга чейин камакка алды. Жактоочусу анын жүрөк оорусу бар экенин жүйөө келтирип, анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арыз берерин айтты.

ТЕМА БОЮНЧА:

Алымкадыр Бейшеналиевге жети берене менен кылмыш иши козголду

Октябрь райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевди бир айга камакка алды

«Жеке мамилеси эске алынды». Президент Бейшеналиев менен Зулушевди кызматынан убактылуу четтетти