Саламаттык министрлигинин эки кызматкери камакка алынды, бирөө үй камагына чыкты

Октябрь райондук соту 4-июнда «Вакцина сатып алуудагы коррупцияга» шектелип кармалган Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин бөгөт чарасын аныктады.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов УКМКнын тергөө абагына 2-августка чейин камакка алынды.

Ал эми Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордук директору Гүлбара Ишенапысова ошол эле абакка 2-июлга чейин камалды. Министрликтин дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбеков болсо үй камагына алынды.

Аталган кызматкерлер 2-июнда Коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы «коррупция» иши боюнча Алымкадыр Бейшеналиев менен чогуу кармалган. Аталган кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар же жок экени иликтенип жатат.

Бейшеналиевдин кармалышы

2-июнь күнү президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулушу менен таанышып, министр Бейшеналиевге курулуш иштерин 15-сентябрга чейин бүтүрүүнү тапшырган болчу.

Ошол эле күнү, кечинде Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевди «коррупцияга шектеп» кармап, жети берене менен кылмыш иши козголгонун жарыялаган. Бир кылмыш иши «Коррупция» беренеси боюнча, экөө «Опузалап пара алуу», төртөө «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» жана «Билип туруп пайдасыз контракт түзүү» беренелери боюнча козголгон.

Прокуратурадан учурда кылмышка өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси бар же жок экени иликтенип жатканын белгилешкен.

4-июнда президент Садыр Жапаров Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айткан. Ошол эле күнү Октябрь райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасын карап, аны 2-июлга чейин камакка алган.

Отурум учурунда Бейшеналиев журналисттерге маек куруп, өзүнүн кармалышын «Зулушевдин өчү» деп атаган. Ал Травматология борборун оңдоп-түзөө учурунда башкы прокурор аны күнөөлөп, «түрмөгө отургузам» деп коркутканын айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Октябрь райондук соту Алымкадыр Бейшеналиевди бир айга камакка алды

Садыр Жапаров министр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзгөнүн айтты

«Жеке мамилеси эске алынды». Президент Бейшеналиев менен Зулушевди кызматынан убактылуу четтетти