Чүй: Өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши 5 жылга эркинен ажыратылды

Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында 15 жаштагы өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

6-июнда Москва райондук сотунда шектүү «16 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык адепсиз жоруктарды жасоо» беренеси менен күнөөлүү деп табылган. Мындан сырткары, жабырлануучунун пайдасына 50 миң сом акча төлөп берүү милдеттендирилди. Ал жазасын жалпы түзөтүү абагында өтөйт.

Окуя кандай болгон?

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында дүкөнгө соода кылганы келген киши сатуучу кызга жыныстык органын көрсөткөн. Өспүрүм байкоочу камералар бар экенин эскерткенде ал чыгып кеткен.

Кыз окуяны үй-бүлөсүнө айтып берип, алар дароо милиция чакырган. Жабырлануучунун жакындары чакырууга келген укук коргоо органынын кызматкерлери иштин чоо-жайын уккан соң аларды «шылдың кылып күлгөнүн» баса белгилешкен.

Андан кийин өспүрүм кыздын ата-энеси шектүүнүн сүрөтүн чыгарып алып, өз алдынча издей башташкан. Алар белгисиз киши айылга жакында эле келгенин жана дүкөнгө жакын жашарын аныкташкан.

Милиция бул факты боюнча «16 жашка чыга элек адамга карата сексуалдык адепсиз жоруктарды жасоо» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, 14-апрелинде шектүү катары Ош облусунун 35 жаштагы тургунун кармаган.

Бирок Москва райондук сотунун төрагасы Арстанбек Аскарбеков шектүүнүн жашаган жеринен оң мүнөздөмөлөр айтылганын, анын үч баласы бар экенин эске алып, аны камакка алуудан баш тарткан.

Мындан улам 24-майда жабырлануучу кыздын эжеси окуяны журналисттерге айтып берип, 15 жаштагы сиңдисине жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши үй камагына чыкканына нааразы болгон.

Өспүрүм кыздын эжеси байкоочу камерага тартылып калган видео менен дагы бөлүшкөн.

Ал эми Жогорку Кенештин 26-майдагы жыйында депутат Дастан Бекешев дагы ушул маселени көтөрүп, ИИМдин башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаевден шылдыңдаган милиция кызматкерлерине чара көрүлөбү деп суроо салган.

Аширходжаев бул маалымат боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлөрүн айткан. Ал эгерде бул маалымат тастыкталса анда укук коргоо кызматкерлерине тиешелүү чара көрүлөрүн баса белгилеген.

Мындан кийин шектүүнү үй камагына чыгарган Арстанбек Аскарбеков райондук соттун төрагалыгынан алынган. Ал эми 31-майда Чүй облустук прокуратурасы шектүүнү Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алган.