Казакстан 8-июндан тартып чек арадан өтүүдө ПЧР-тест же вакцинация тууралуу документ сурабайт

Казакстан 8-июндан тартып чек арадан өтүүдө вакцинация же ПЧР-тесттин жыйынтыгы тууралуу документтерди көрсөтүү боюнча талаптарын алат. Бул тууралуу Казакстандын өкмөт башчысынын сайтында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, жаңы эреже Казакстандын жана башка чет мамлекеттердин жарандарына тиешелүү. Чечим, өкмөттүн билдиришинче, «дүйнөдө эпидемиологиялык кырдаал турукташканын эске алуу» менен кабыл алынган.

Казак бийлиги республиканын жети аймагында чек аранын айрым участокторунда убактылуу жабылган 12 көзөмөл-өткөрмө пунктунун ишине салган тыюусун дагы алды.

11-апрелде Казакстан Кыргызстан, Өзбекстан жана Орусия менен чек арасындагы чектөөлөрдү алган.

Бирок ал убакта ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы тууралуу аныктаманы же вакцинация тууралуу документти милдеттүү түрдө көрсөтүү боюнча талабы алынган эмес болчу.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кургактагы чек аралар 2020-жылы коронавирустун пандемиясынан улам жабылган эле.