Өзбекстандык 100 студент сабакка келбегендиктен ЖАМУдан чыгарылды

Жалал-Абад мамлекеттик университетинен 100дөн ашык өзбекстандык студент окуудан четтетилди. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрликтен студенттер «сабактарды дайыма калтыргандыктан» ЖОЖдун уставынын негизинде окуудан чыгарылганын белгилешти. Ведомствонун маалыматына ылайык, студенттерге бир канча жолу эскертүү берилген, бирок алар сабактарды калтырууну улантышкан.

Билим берүү министрлигинен студенттер Өзбекстан жана Кыргызстандын медициналык мекемелеринен маалымкаттарды окуудан чыгарылгандан кийин алып келишкенин кошумчалашты.

«Бирок медициналык маалымкаттарда ооруган учурдун мөөнөтү көрсөтүлгөн эмес же сабакка келбеген күндөр менен дал келбей калган. Эрежеге каршы оорунун жеңил түрү менен ооруган кезде да окуудан узак мөөнөткө бошотуу маалымкаттарын алышкан. Ошондой эле медициналык документтерде датаны өзгөрткөн фактылар бар», — деп белгилешти басма сөз кызматтан.

Басма сөз кызматынан студенттердин көпчүлүгүнө бирдей диагноз коюлганын айтышты — Курч респиратордук вирустук инфекция. Мындан тышкары, көпчүлүк студенттер дарыгерлерден алып келген маалымкаттарда каттоо номери жок болуп чыккан.