Жолдордун бүтүндүгүн сактоо үчүн оор жүк унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Кыргызстандын Транспорт министрлиги (жалпы салмагы 18 тоннадан жогору болгон) жүк ташуучу унаалардын жалпы колдонуудагы автожолдордо жүрүүсүнө убактылуу чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, убактылуу чектөөлөр жайкы мезгилде саат 10:00дөн 20:00гө чейин жана абанын температурасы Цельсий боюнча 28 градус ысыкта гана күчүндө болот.

Министрликтен мындай чечим «жалпы колдонуудагы автожолдордун бутүндүгүн сактоо максатында» кабыл алынганын түшүндүрүштү.

Чектөөлөр төмөнкү автоунааларга тиешелүү болбойт:

  • жүргүнчү ташыган автоунааларга;
  • гумжардам ташыган автоунааларга;
  • тез бузулуучу азык-түлүктөрдү жана кооптуу жүктөрдү ташыган автоунааларга;
  • атайын уруксаттын негизинде көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташыган автоунааларга;
  • Транспорт министрлиги тарабынан ишке тартылган жол органдарынын жана жалданмачы уюмдардын унаалары.

Чек арадагы оор жүк ташуучу унаалардын тыгыны

Жаңы чектөөлөргө байланыштуу кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын узак чакырымга созулган кезеги жаралган. Бул тууралуу Kaktus Media басылмасы оор жүк унаалардын айдоочуларына таянып жазды.

«Бизге күндүн ысыгынан асфальт чөгүп кетиши мүмкүн деп жатышат, ошондуктан биз тараптын көзөмөл-өткөрүү пункттары машиналарды Кыргызстанга абдан жай өткөрүп жатат», — деген айдоочулардын бири.

Коңшу Казакстан менен чектешкен чек араларда дайыма жүк ташыган унаалардын кезеги менен тыгыны жаралып турат. Мисалы, өткөн айда «Кең Булуң» көзөмөл өткөрүү пунктунда жүзгө жакын оор жүк унаасы кыргыз-казак чек арасынан өтө албай туруп калган. Айдоочулар кезек ресурстар туура эмес бөлүштүргөндүктөн келип чыкканын, бир өткөрүүчү пункт бош турганын, ал эми башкасында унаалар топтолуп калганынын айтышкан. Алардын айтымында, контейнери бош фуралар төрт километрге созулган кезекте эки суткадан ашык турган.

Апрель айында дагы «Кара-Суу» өткөрмө жайында фуралар чогулуп калган. Анда айдоочулар көп күтүүгө туура келгендиктен ташып бараткан азык-түлүктөрү бузулуп кеткенин айтып, бийликтен жардам сурашкан. Чек ара кызматынан болсо тыгын жүк ташуу агысы көбөйгөндүктөн жаралганын айтышкан.

Жүк ташуучу унаалардын тыгыны башка пункттарда катталган.

«Өткөрмө пункттарында оор жүк унаалары казак тарап транспорт каражаттарын жай өткөрүп жаткандыктан чогулуп калды», — деп билдиришкен чек ара кызматынан.

Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Игорь Голубев, бул казак тараптын айынан болуп жатканын айткан.

Материалдын автору: Лев Потапов.