Сапарман айдоочулар кыргыз-казак чек арасындагы кезек күтүүлөргө арызданышууда

Жүзгө жакын оор жүк ташуучу унаа кыргыз-казак чек арасындагы «Кең Булуң» көзөмөл өткөрүү пунктунда өтө албай турат. Бул тууралуу Economist.kg басылмасына айдоочулар кабарлашкан.

Айдоочулар кезек ресурстар туура эмес бөлүштүргөндүктөн келип чыкканын, бир өткөрүүчү пункт бош турганын, ал эми башкасында унаалар топтолуп калганынын айтышкан. Алардын айтымында, контейнери бош фуралар төрт километрге созулган кезекте эки суткадан бери турат.

«Ал эми “Кара-Суу” чек арасы — бош, унаалар жок. Ал жакка жүгү жок унааларды өткөрбөйт, жүгү барлар гана өтүшү керек деп жатышат, бирок ал жерде деле барлары деле жок», — деп нааразы айдоочулар.

Айдоочулардын айтымында, жүгү жок оор жүк унаалары «Кара-Суу» көзөмөл-өткөрмө жайы аркылуу деле өтө алат, ал «Кең-Булуңга» караганда саатына көп машина өткөрө алат, ал тургай чоң бейтарап зонага ээ.

Айдоочулар «Кара-Суу» көзөмөл-өткөрүү жайын бош оор жүк ташуучу унаалар үчүн дагы ачып берүүнү суранышты.

Кыргызстандын Чек ара кызматынан «Кең-Булуң» көзөмөл-өткөрмө жайында чынында эле жүк унааларынын кезек бар экенин «Клоопко» билдиришти. Алардын айтымында, кезекте 90дой унаа турат. Алардын маалыматына ылайык, кезекти суюлтуу үчүн оор жүк унааларын башка өткөрүү пунктарына дагы жөнөтүп жатышат. Мекемеден тыгын жүк ташуунун агымы көбөйгөндүктөн улам пайда болгонун дагы кошумчалашты.

Мындан тышкары, Чек ара кызматы «Ак-Жол» жана «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө жайларында кезек жоктугун, пункттар кадимки тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Жүк ташуучу унаалардын чек арадагы тыгыны

Казакстан 11-апрелден тарта кургактагы өткөрмө пункттары аркылуу кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө койгон чектөөлөрүн алган. Чектөөлөр коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы киргизилген болчу.

Казакстан менен чектеш чек арада оор жүк ташыган унаалардын кезеги байма-бай жаралат. Мисалы, өткөн айда дагы «Кара-Суу» өткөрмө жайында фуралар чогулуп калган. Анда айдоочулар көп күтүүгө туура келгендиктен ташып бараткан азык-түлүктөрү бузулуп кеткенин айтып, бийликтен жардам сурашкан. Чек ара кызматынан болсо тыгын жүк ташуу агысы көбөйгөндүктөн жаралганын айтышкан.

Жүк ташуучу унаалардын тыгыны башка пункттарда катталган.

«Өткөрмө пункттарында оор жүк унаалары казак тарап транспорт каражаттарын жай өткөрүп жаткандыктан чогулуп калды», — деп билдиришкен чек ара кызматынан.

Сапарман айдоочулардын ассоциациясынын жетекчисинин орун басары Игорь Голубев, чек арада фуралар казак тараптын айынан чогулуп калып жатканын түшүндүргөн.