Акбөкөн Таштанбеков Ташиев өкмөттүн өкүлдөрүн эмне үчүн көз кысып тыйганын айтып берди

Депутат Акбөкөн Таштанбеков парламенттин 9-июндагы жыйынында «Түндүкэлектронун» кызмат көрсөтүү үчүн жогору акы алып жатканына нааразы болуп, маселеге көңүл бурууну суранды.

Депутат маселесин айтуу менен кошо Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында УКМКнын төрагасы эмне себептен минкабдын өкүлдөрүнө көзүн кысып тыйганын түшүндүрдү.

«Баягы күнү ушул жерден өкмөттүн мүчөлөрү келгенде, генерал Ташиев көз кысканда, ушул жерде отургандар көп түшүнбөй калды окшойт, Минфин менен энергетиктерге көз кысып, эй могу Акбөкөндүн акчасын берип койгула деп кыскан. Ошон үчүн менин айтаарым, мен 3 маселени көтөргөм, Ивановкадагы мектеп, Новопокровкадагы бала бакча, анан Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн Ноорус айылында мамылар. Мен Ноорус айылында мамыларды коюп жаттым эле, мен өзүмдүн эсебимен алып барып, ошону коюп койгулачы деп сурансам, вице-премьердин тапшырмасы деп мага 61 миң сомго 27 мамыны коюп беребиз деп “Түндүкэлектродон” келишим алып келиптир, бул биздин иш эмес депшиптир», — деп билдирди эл өкүлү.

Таштанбековдун айтымында, жардамчысы барып мамыларды 15 миң сомго орноттуруп келген.

«Буларда бет деген жок. Андыктан Мадумаровдун колун сындырардын алдында, мына бул келишимди жөнөткөндөрдү мамынын алдына алып барып көмүп койгулачы. Эл акчасы жок үчүң суранып жатты да, 15 сомдук ишти 61 миң сом деп кайсы бети менен жасатайын дешти? Менин суранарым, дагы 70тей мамы бар, кран эле берип койсунчу “Түндүкэлектро”, солярканы деле өзүбүз куюп беребиз», — деп суранды депутат.

Камчыбек Ташиевдин минкабдын өкүлдөрүн көз кысып тыюусу

2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Ата округунан шайланган депутат Акбөкөн Таштанбеков өкмөт мүчөлөрүнөн Кант авиабазасы жылына канча акы төлөп жатканын сураган.

Анда УКМКнын төрагасы, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Камчыбек Ташиев бул боюнча маалыматы жоктугун, бул суроого министрлер кабинетинин башчысы жана финансы министри гана жооп бере аларын айткан.

Ал арада Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сөзгө аралашып, жыйынга финансы министри катышып жатканын айтып, министрден депутаттын суроосуна жооп берүүсүн суранган.

Бирок УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин өкүлдөрүн көзү менен тыйып, жооп берүүгө мүмкүнчүлүк бербей койгон.

Кант аскер базасы

Орусия Кыргызстан менен 2003-жылы 15 жылга келишим түзүп, Жааматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында Кант шаарында авиациялык базаны негиздеген.

Анын негизги максаттарынын бири — бул региондогу коопсуздукту камсыздоо үчүн орусиялык аскерлерди жайгаштыруу болгон.

Кыргызстандагы орусиялык бириккен базага бир нече объекттер кирет: Кант шаарындагы «Кант» авиабазасы, Каракол шаарындагы аскердик сыноо базасы, Чалдыбар айылындагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суу шаарындагы сейсмикалык пункт.

Базаны колдонуу жөнүндө документ «Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы курама орусиялык аскер базасынын Кыргыз Республикасынын аймагында болушунун абалы жана шарттары жөнүндө макулдашуу» деп аталат, ал 2012-жылдын 20-сентябрында дагы 15 жылга келишим түзүлгөн.

Документке ылайык, Орусия жердин ар бир чарчы метри үчүн 50 цент же 0,5 доллар төлөгөн. Ошентип, ижаранын жалпы суммасы 4,5 миллион АКШ долларын түзгөн. Бул макулдашуу пункту 5 жылдан кийин гана күчүнө кирген – 2017-жылдын 29-январында.

2016-жылдын декабрь айында, Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турганда, келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин, орус аскерлери өлкөдөн «чыгып кетүүсү зарыл» деп айткан. Анын айтымында, республика «өзүнүн аскер күчтөрүнө» таянышы керек.

Орусиянын аскер күчтөрүнө авиабазаны берүү жөнүндө келишим 2018-жылы бүтмөк.

Андан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин 2017-жылдын 28-февралында Атамбаев менен болгон жолугушууда, эгер кыргыз тарап өздөрүнүн куралдуу күчтөрүн жетишээрлик деңгээлде түптөп алып, аларга орус базасы керек эмес экенин айтса, анда орус аскерлери «ошол эле күнү» чыгып кетишээрин билдирген.

«Бизге аскердик контингентти жайгаштыруунун эч кандай зарылчылыгы жок. Бул Кыргызстандын өзүнүн коопсуздугу менен гана байланышкан» — деген ошол учурда Путин.

Ал эми 2020-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков орусиялык аскердик базанын Кантта жайгашуусунун статусу жана шарттары жөнүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койгон.

ТЕМА БОЮНЧА: Камчыбек Ташиев министрлер кабинетинин мүчөлөрүн көзү менен тыйып, депутаттын суроосун жоопсуз калтырды