Хронология: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ушуну менен үчүнчү президент убадалады

Жалал-Абад облусунда 8-июнда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо боюнча салтанаттуу иш-чара өткөн.

«Клооптун» журналисттери кыргыз бийлигинин Камбат-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча 10 жылдан бери убадалап келе жаткан сөздөрүнүн хронологиясын топтоду.

2012-жыл

Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин биргеликте куруу боюнча 2012-жылы эле Алмазбек Атамбаевдин тушундай макулдашылган. Ал убакта, 2012-жылдын сентябрда Атамбаев кыргыз-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ГЭС коңшу өлкөлөргө да керектигин билдирген.

«Камбар Ата-1 ГЭСи биринчи кезекте коңшу өлкөлөргө керек. Бирок биз алардын тынчсыздануусун түшүнөбүз, ошондуктан биз алар менен кызматташууга даярбыз. Биз коңшулар менен тынчтык жана достукта жашашыбыз керек», — деген Атамбаев.

Атамбаевдин тушунда кол коюлган макулдашуу биринчиси эле эмес. Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу тууралуу 2009-жылы да макулдашышкан. Бирок курулуш ошол бойдон башталган эмес.

2015-жыл

Кыргыз-орус макулдашуусуна кол коюлгандан үч жыл өткөндөн кийин Атамбаев Орусия гидроэлектростанцияны курбасын айткан.

«Биз Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди качан куруп бүтүшөт деп күтө албайбыз. Мен Владимир Владимировичке “кечиресиңер, бирок биз башка инвесторлорду издейбиз” дедим. Алар [Орусиянын бийлиги] түшүнүштү. “Камбар-Ата-1ге” болсо таптакыр эч ким киришкен эмес», — деген Атамбаев декабдагы жыйынтыктоочу маалымат жыйында.

Ал эми 2016-жылы Кыргызстан келишимди бир тараптуу токтоткон. Буга Орусиянын «РусГидро» компаниясы ишти кечиктиргени себеп болгон.

Андан бери өлкө ГЭСтин курулушуна каражат салууга даяр инвесторду издей баштаган.

2018-жыл

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу керектигин бул жолкусун президент Сооронбай Жээнбеков айткан. Бул тууралуу ал Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жолугушууда билдирген.

«Ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Камбарата-1, Жогорку Нарын ГЭСтерин, Кыргызстан-Кытай газ түтүгүн куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке киргизүү пландалууда», — деген Жээнбеков.

2019-жыл

Бул ирет Жээнбеков Камбар-Ата ГЭСин Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасы аяктаганына байланыштуу иш-чарада эстеген.

«Ошондуктан, улуттук масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу — келечектеги милдетибиз. Алардын ичине Камбарата 1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет. Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизип, анын долбоордук кубаттуулугуна (1900 МВт) жетүү үчүн 11 жыл керек», — деген Жээнбеков.

Анткен менен Жээнбековдун тушунда гидроэлектростанцияны курууга инвестор табылган эмес.

2022-жыл

Арадан дээрлик 10 жылга созулган талаш-тартыштарга, бузулган келишимдерге жана инвестор табууга кеткен убакыттарга карабастан Кыргызстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш баштагансыды. Гидроэлектростанциянын курулуш баштоого президент Садыр Жапаров өзү барып старт берди.

«Камбар-Ата-1 иштеп калса Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. […] Кудай буйруса, Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун ишке ашырсак, бул иш Кыргызстандын келечегине биздин кошо турган чоң салымыбыз жана ири жетишкендигибиз болот», — деп ишендирди президент.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жалпы сметасы 2,9 млрд долларды түзөт. Курулуш алты фазалык баскычтан турат. Долбоор мамлекеттик бюджеттин жана тартылган инвестициялардын эсебинен каржыланып жатат.

Азырынча бийлик ГЭСтин курулушуна каражат салууга макул болгондордун ысымдарын же компаниянын аттарын айта элек. Буга чейин Жапаров долбоорго Казакстан жана Өзбекстан кошулууга даяр экенин айтканы бар.