Ноокат: Жөө өтмөктөн 9 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткен айдоочу кармалды

Ош облусунун Ноокат шаарында 9 жашар баланы унаа менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ЖКККБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя шаардын Ленин көчөсүндө 4-июнда саат 17:20 чамасында болгон. Кырсык видео байкоочу камерага түшүп калган.

Анда «Дэу Матиз» унаасынын айдоочусу жөө өтмөккө чуркап чыккан өспүрүмдү койдуруп кеткенин көрүүгө болгон. Жаш бала унаадан качууга аракет кылган, бирок «Дэу Матиз» токтой алган эмес.

Кырсыктын кесепетинен өспүрүм жаракат алып, Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми 6-июнь күнү качып кеткен айдоочу шаардын аймагынан кармалган.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

31-майда Баткен облусунун Кадамжай шаарында мектепке бара жаткан 8 жаштагы кызды унаа коюп кеткен. Секелек алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.

Жол кырсыгы видео байкоочу камерага жазылып калган. Анда кыз зебра жок жерден өткөнүн, ал эми унаа катуу ылдамдыкта келгенин көрүүгө болот. Чуркап чыгып бараткан окуучуну жолдун четинде токтоп турган «Хендай Портер» тосуп калган.

Айдоочу кармалып, унаасы айып короого киргизилген. Милиция тергөө иштери башталганын билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжай: 8 жашар кызды унаа коюп кетип, ооруканада каза болду