Кадамжай: 8 жашар кызды унаа коюп кетип, ооруканада каза болду

Баткен облусунун Кадамжай шаарында мектепке бара жаткан 8 жаштагы кызды унаа коюп кетти. Секелек алган жараатынан улам ооруканада каза болду.

Облустук ЖКККБнын маалыматына ылайык, окуя 31-майда саат 12:30 чамасында болгон. 2-класстын окуучусу жолдон өтүп баратканда «Тойота Ленд Крузер» үлгүсүндөгү унаа коюп кеткен.

Жол кырсыгы видео байкоочу камерага жазылып калган. Анда кыз зебра жок жерден өткөнүн, ал эми унаа катуу ылдамдыкта келгенин көрүүгө болот. Чуркап чыгып бараткан окуучуну жолдун четинде токтоп турган «Хендай Портер» тосуп калган.

Учурда айдоочу кармалып, унаасы айып короого киргизилди. Тергөө иштери башталды.

2-апрелде саат 20:00 чамасында Баткен шаарында 13 жашар өспүрүмдү унаа коюп кеткен. Ал Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун кызматтык унаасы болгон.

Окуя мектептин маңдайында болгон, окуучу спорттук ийримден чыгып үйүнө бараткан. Кырсыктын кесепетинен окуучу жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, анын абалы «өтө оор» деп бааланган.

Кийинчерээк мэрдин кызматтык унаасында калаа башчысынын тууганы үй-бүлөсү менен баратканы белгилүү болгон. Мэр өзү айдоочусу анын тууганы экенин тастыктап, бирок комментарий берүүдөн баш тарткан.

Баткен милициясы аталган окуяны иликтеп баштаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Баткен мэринин кызматтык унаасы 6-класстын окуучусун сүзүп, бала реанимацияда жатат