Айкелчи Тамила Маматова Казакстандын «Достук» ордени менен сыйланды

Кыргызстандык айкелчи Тамила Маматова Казакстандын экинчи даражадагы «Достук» ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлык Маматовага казак жазуучусу, окумуштуу Мухтар Ауэзовдун бюстун жасап, эки элдин достугун бекемдөөгө жана маданий алаканы жаңы деңгээлге алып чыгууга кошкон салымы үчүн ыйгарылды.

Иш-чарага Казакстандын элчиси Рапиль Жошыбаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жана маданият министри Азамат Жаманкулов катышты.

Элчи Рапиль Жошыбаев Маматованын ишине казак эли ыраазы болуп жатканын айтып, ага чыгармачылык ийгилик жана бекем ден соолук каалады.

Ал эми маданият министри Маматова «аялдардын арасынан суурулуп чыккан өзгөчө талат» экенин баса белгиледи.

«Катышуучулар өз ишин берилип сүйгөн, искусствого болгон астейдил мамилеси, өзүнүн көз карашы бар жаш скульптордун азыркы кездеги жаратып жаткан эмгектери коомчулук жана өнөр адамдары тарабынан жогору баа алып жатканын белгилеп, Маматовага чыгармачылык ийгилик каалашты», — деп айтылат билдирүүдө.

2022-жылдын июль айында Мухтар Ауэзовдун 125 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Чолпон-Атадагы үй музейде Маматова жасаган бюсттун салтанаттуу ачылышы болот.

«Достук» ордени — Казакстандын мамлекеттик сыйлыгы. Орден казак президенти тарабынан коомдогу ынтымакты сактоодогу үзүрлүү эмгеги, тынчтыкты, элдин ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого салым кошкондого ыйгарылат.

Тамила Маматова деген ким?

Тамила Маматова.

Тамила Маматова — дипломдук иши менен белгилүү болгон скульптор айым. Ал жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасаган.

Айтматовдун айкелинин сүрөтү социалдык тармактарга тарагандан кийин, ал тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Маматова Айтматовдун эстелиги колодон куюлуп, Бишкек шаарына орнотулса деп кыялданат.

Ошондой эле, коомчулук аны белгилүү актриса Таттыбүбү Трсунбаеванын бюстун жасаган скульптор катары таанышат. Турсунбаеванын бюсту Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрына орнотулган.

Маматова белгилүү актрисанын бюсту анын келечектеги коллекциясынын бири экенин кошумчалаган. Ал кыргыз киносундагы башка да көрүнүктүү инсандарынын айкелин жасоону пландап жатканын айткан — долбоор дагы эки-үч жылга созулат.

Тема боюнча:

Бир кадр менен: Кыргыз драма театрына Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту коюлду